КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ БАЛА БАКЧА АЧУУ ҮЧҮН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ БЕРИЛДИ
- 25.12.2024
- 0
«Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү» программасынын алкагында юридикалык жана жеке жактарга жеңилдетилген кредит бериле баштады.
Ал “Элдик”, “Айыл”, “Керемет” банктары аркылуу 10 млн сомдон 70 млн сомго чейин бала бакча курууга же реконструкциялоого берилет. Жылдык үстөгү — 10%, мөөнөтү — 3-5жыл.
Кеңири маалымат алуу үчүн (312) 66-36-92, (996) 554-347-844 телефондоруна же “Элдик Банк”, “Айыл Банк”, “Керемет Банк” ААКыларына кайрылсаңыздар болот.
Бөлүшүү
Комментарийлер