КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

  • 25.08.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев өткөн аптада  Бишкектеги Кемел Токаев атындагы № 33 орто мектеп-гимназиясына барышты.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

Маалыматка таянсак, билим берүү мекемеси 1940-жылы негизделген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имараты мотоаткычтар окуу жайы жана аскердик госпиталь катары пайдаланылган. Анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында согуштун катышуучулары, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун I жана II даражадагы ордендеринин кавалери, жазуучу Кемел Токаев бар.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

1947-жылдын 1-сентябрында мектеп өз ишин жандандырган. 2012-жылы ал “мектеп-гимназия” макамын алган.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

2025-жылдын май айында Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мектеп-гимназияга Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылган.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

Аталган №33 мектеп-гимназиясы Бишкектеги эң мыкты он билим берүү мекемесинин катарына кирет.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

Кыдыруу учурунда мамлекет башчылар мектептин имаратын жана Кемел Токаевге арналган маалымат бурчун көрүп чыгышты.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

Андан соң лидерлерге буга чейин Казакстандын Президенти белек кылган окуучулар үчүн автобусту көрсөтүштү. Мындан тышкары Президенттер мектеп-гимназиянын жамааты жана окуучулары менен баарлашты.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БИШКЕКТЕГИ КЕМЕЛ ТОКАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА БАРЫШТЫ

Соңунда Президент Касым-Жомарт Токаев окуучуларга окуудагы ийгиликтерди каалап, мектеп келечектеги лидерлерди жана татыктуу адистерди тарбиялап чыгарат деген үмүтүн билдирди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер