“КЫРГЫЗСТАН КИТЕП ОКУЙТ”

  • 17.03.2026
  • 0

“Кыргызстан китеп окуйт” акциясы Чүй-Токмоктогу ар бир жалпы билим берүү мектептеринде уюштурулуп, бул иш китепканачылар, окуучулар,  ата-энелер жана  мугалимдер менен бирдикте өткөрүлдү.

“КЫРГЫЗСТАН КИТЕП ОКУЙТ”

Мектептерде китеп окууну жайылтуу максатында: “Бирге окуйбуз” – ата-эне менен баланын бирге китеп окуусу; “Менин алгачкы китебим” – биринчи окуган китепти тааныштыруу; “Окурман үй-бүлө” сынагы; “Мыкты окурман үй-бүлө” сынагы; “Китеп куржуну” – китепти үйгө алып барып чогуу окуу иштери жүргүзүлүп, ал маалыматтарды мектептердин массалык маалымат баракчаларына жана социалдык тармактарына “Кыргызстан китеп окуйт” деген аталышта чыгарып, кеңири жайылтуу сунушталган. Бул иштин жыйынтыгы чыгарылып, үзүрлүү эмгеги үчүн акцияга активдүү катышкан китепканачылар ЧТББнын грамоталары менен сыйланды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер