«Эл агартуу» журналынын мурунку баш редактору Чолпонбек Тайтелиев дүйнөдөн кайтты

  • 01.12.2025
  • 0

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. “Эл агартуу” журналынын мурунку башкы редактору Чолпонбек Тайтелиев узак оорудан соң 1-декабрда элүү жашында көз жумду.

"Эл агартуу" журналынын мурунку баш редактору Чолпонбек Тайтелиев дүйнөдөн кайтты

Чолпонбек Тайтелиев “Эл агартуу” журналында 1997-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келген. Алгач көп жыл бою жооптуу катчы кызматын аркаласа, 2012-жылдан 2023-жылдын март айына чейин баш редактор болуп 11 жыл эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында журналдын бөлүм башчылык милдеттин татыктуу аткарды.

Жогорку кесипкөйлүгү жана бийик адамгерчилик мамилеси менен кесиптештеринин чоң сый-урматка ээ болгон. Илимий-педагогикалык журналдын деңгээлин түшүрбөй, анын окумдуулугун арттыруунун үстүндө көп чыгармачылык мээнет жумшады.

“Эл агартуу” журналы курамына кирген «Кут Билим» медиа борборунун эмгек жамааты Чолпонбек Тайтелиевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана орду толгус жоготуунун оор кайгысын тең бөлүшөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер