КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

  • 20.02.2025
  • 0

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары – Мамлекеттик билим берүү стандарты) жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди белгилөөчү жана жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылынын 13-ноябрындагы «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө» №39 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024-2028-жылдары Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылынын 18-декабрындагы «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө» №369 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 20-мартындагы №451/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасынын негизги талаптарын ишке ашыруучу ченемдик укуктук акт болуп саналат.

  1. Мамлекеттик билим берүү стандарты төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

— бирдиктүү билим берүү мейкиндигин социалдык кепилдөөнү жана сактоону;

— уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планын, предметтик стандарттарды, жалпы билим берүү программаларын жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууну;

— жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарындагы предметтик стандарттардын жана жалпы билим берүү программаларынын уланмалуулугун;

— билим берүүнүн сапатын башкарууну;

— Кыргыз Республикасында негизги жалпы жана орто жалпы билим жөнүндө документтердин эквиваленттүүлүгүн белгилөөнү;

— Мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына, ошондой эле педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына карата талаптарды аныктоо үчүн негизди.

  1. Мамлекеттик билим берүү стандарт төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты:

— эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланган жана таанылган жалпы билим берүүнүн улуттук системасын түзүү;

— билим берүү менен жалпы камтууну жана окутуу үчүн бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;

— формалдуу билим берүүгө талаптардын макулдашылган жыйындысын аныктоо, билим берүү программасынын минималдуу мазмунун башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн деңгээлдеринде даярдоонун базалык талаптарын, окутуунун максаттарын, натыйжаларын компетенттүүлүк негизде аныктоо;

— табигый-илимий жана математикалык багыттардагы окуу предметтеринин ролун предметтер аралык мамиленин негизинде камсыз кылган: тарбиянын, өнүктүрүүнүн жана окутуунун биримдигин; глобалдашкан дүйнөдө тез өзгөргөн коомдо жашоо үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууну; жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу маданиятын жана табият менен менен таттуу мамиледе жашоо көндүмдөрүн күчөтүү.

— мекенчилдикти, жалпы жарандык аң-сезимди, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти, улуттук адеп-ахлактык негиздерге таянган адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукерлик сыяктуу сапаттарды калыптандырууга өбөлгө түзүүчү тарбиялык жана социалдык-гуманитардык дараметин күчөтүү;

— профилдик окутууну киргизүү;

— билим берүү процессинин катышуучуларынын (билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана мугалимдеринин, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мектептик жалпы билим берүүнүн максаттарына жана тарбиялоонун, өнүктүрүүнүн жана окутуунун натыйжаларына жетишүүдөгү жоопкерчилик чөйрөсүн бекемдөө;

— Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде аныкталган артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу үчүн зарылдыгына жараша кайра каралып жана жаңыланып турат.

2-глава. Жалпы билим берүү философиясы

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү системасы жашоодо өз алдынча жана жоопкерчиликтүү тандоого, чыгармачылык жактан өзүн көрсөтүүгө, коомдо натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жана өлкөнүн турмушуна активдүү катышууга жөндөмдүү инсанды калыптандырууга багытталган:

Өз билимин (тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу) аңдап түшүнүүгө жана жоопкерчилик тартууга, өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга, сынчыл ой жүгүртүүгө, салмактуу чечимдерди кабыл алууга жана коомдо натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү өз алдынча, жоопкерчиликтүү жана ийкемдүү инсан.

Коомдун жана мамлекеттин турмушун жакшыртууга багытталган, өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана таанып-билүүгө, ойлоп табуучулукка, инновацияларга жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө умтулууга жөндөмдүү чыгармачыл жаратман жана эмгекчил адам.

Натыйжалуу кызматташууга, маселелерди сапаттуу чечүүгө, тажрыйбанын негизинде туруктуу билим алууга, командада иштөөгө, демилгелүүлүккө, өз аракеттери үчүн жоопкерчиликке даяр, боорукер, кайдыгер эмес ачык, сезимтал жана өз дараметине ишенген адам.

Кыргызстанды сүйгөн жана ага берилген, жарандык аң-сезимге ээ, үй-бүлөсүнүн, коомунун жана мамлекетинин алдында жоопкерчиликтүү, ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүндө жана гүлдөп-өсүшүндө өзүнүн ролун түшүнгөн Кыргызстандын жараны.

Жалпы билим берүү этабында калыптануучу башкы баалуулуктар болуп төмөнкүлөр саналат:

мекенчилдик – коомдун биримдиги жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз Мекенин сүйүү жана анын гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошууну каалоо маанилүү ролду ойнойт.

чынчылдык жана адилеттүүлүк – бул коомдо ишеним жана өз ара урматтоодон курулган фундаменталдуу моралдык принциптер. Чынчылдык жана адилеттүүлүк адамдын адеп-ахлактык мүнөзүн жана башкалар менен өз ара аракеттенүү жөндөмүн аныктайт.

жоопкерчиликтүүлүк – бул ийгиликтүү жана гармониялуу жашоонун негизи. Жоопкерчиликтүү адам өзүнүн милдеттенмелерин аткарат жана өз иш-аракеттеринин кесепеттерин кабыл алат, бул жеке жетилгендик жана жалпы коом үчүн маанилүү.

боорукерлик жана жан тартуу – бул сапаттар адамдардын ортосундагы дени сак жана колдоочу мамилелердин негизин түзөт. Башкаларга кам көрүү, эмпатия жана жардам көрсөтүү жөндөмү коомдук гармония үчүн абдан маанилүү.

эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк – сапаттуу натыйжа үчүн иштей билүү, эмгекте тырышчаак жана чынчыл болуу жашоодо жана бүтүндөй коом үчүн ийгиликке жетүү үчүн зарыл.

жаратылышка аяр мамиле жасоо – бул адамдын жашоосунун жана Жер бетиндеги бардык жашоонун негизи катары жаратылыштын маанилүүлүгүн түшүнүүнү чагылдырган баалуулук.

туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу – бул актуалдуу баалуулук, анткени дүйнө экологиялык жана социалдык чакырыктарга туш болууда. Келечек муундардын кызыкчылыктарын эске алуу жана узак мөөнөттүү кесепеттерди эске алуу менен аракеттенүү жөндөмү глобалдык жыргалчылык үчүн абдан маанилүү.

3-глава. Жалпы билим берүүнүн максаты, милдеттери, принциптери жана натыйжалары

Жалпы билим берүүнүн максаты окуучулардын туруктуу өнүгүү жана өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн кубаттоо үчүн зарыл болгон баалуулуктарга, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болуусу үчүн сапаттуу билим берүү (тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү) болуп саналат.

Жалпы билим берүүнүн милдеттери:

— инклюзия жана гендердик теңчилик принциптеринде бардык балдардын билим алуусуна бирдей жана адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

— коопсуз жана өнүктүрүүчү окутуу чөйрөсүн түзүү;

— Кыргызстан элдеринин маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарына тарбиялоонун шайкеш келишин камсыз кылуу;

— дени сак жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана жайылтуу;

— коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана туруктуу колдонулушуна кам көрүү;

— окуучуларда башка элдердин-коңшулардын тилдерине, тарыхына жана маданиятына этнотолеранттуулукту калыптандыруу;

— негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу;

— окуучулардын адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин фундаменталдык негиздерин (фундаменталдык өзөгүн) сапаттуу өздөштүрүүсүн камсыз кылуу, бирдиктүү жана заманбап илимий дүйнө таанымын калыптандыруу;

— окуучулардын заманбап экологиялык көйгөйлөрдү, дүйнөнүн өзгөрмөлүүлүгүн, адам менен табияттын гармониялуу жашоосун аң-сезимдүү түшүнүүсүн камсыз кылуу; жашыл энергетиканын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу; экосистемалардын булактарын коргоо жана аны түзгөн ар бир түргө жана көрүнүшкө аяр мамиле кылуу;

— Кыргызстандын мөңгүлөрүн, суу ресурстарын жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн түшүнгөн, туруктуу жаратылышты коргоо практикасын жана демилгелерин күнүмдүк турмушка киргизүүгө; климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, ошондой эле коопсуз жашоо-тиричилик боюнча билимдерди жана жүрүм-турум эрежелерин өздөштүрүүгө даяр экологиялык жоопкерчиликтүү муунду тарбиялоо.

Мамлекеттик билим берүү стандарты билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын принциптерине, дидактика принциптерине негизделет, ошондой эле уланмалуулук принцибине негизделип, үзгүлтүксүз билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим берүү процессинин бүтүндүгүн жана анын ырааттуулугун камсыз кылуу менен мектепке чейинки билим берүү этабында өнүгө баштаган окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууну улантууга багытталган.

Мамлекеттик билим берүү стандарты негизги компетенттүүлүктүн тизмесин жана калыптануу деңгээлин аныктайт.

Негизги компетенттүүлүктөр – социалдык, мамлекеттик, кесиптик тапшырыкка ылайык аныкталуучу, көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылуучу жана окуучулардын социалдык тажрыйбасына негизделген билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжалары.

Негизги компетенттүүлүктөрдүн алкагы «модулдук уя» мамилесине негизделген, негизги компетенттүүлүктүн 4 түрү менен берилген:

таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк компетенттүүлүк – бул окуучунун курчап турган дүйнөнү өз алдынча, аң-сезимдүү жана өнүмдүү таанып-билүүгө, системалаштырылган билимдердин, жөндөмдөрдүн, көндүмдөрдүн негизинде практикалык ишмердүүлүгүн, ошондой эле өзүнүн таанып-билүүчүлүк активдүүлүгүн жана баалуулук-мазмундук мамиле жасоо жөндөмдүүлүгүн чагылдырган инсандын интегративдик мүнөздөмөсү;

социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк – бул өнүккөн коммуникативдик көндүмдөрдүн, социалдык эмпатиянын жана этикалык жүрүм-турумдун негизинде окуучунун ар кандай социалдык жана кесиптик контексттерде натыйжалуу инсандар аралык өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын чагылдырган инсандык интегративдик мүнөздөмөсү;

эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк – бул окуучунун инсандар аралык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү ишке ашыруу жана социалдык чөйрөнүн өзгөрүп жаткан шарттарына ыңгайлашуу процессинде өзүнүн жана башка адамдардын эмоцияларын билүүгө, жөнгө салууга жана конструктивдүү колдонууга жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын чагылдырган инсандын интегративдик мүнөздөмөсү;

маалыматтык-санариптик компетенттүүлүк – бул окуучунун маалыматты издөө, талдоо, иштеп чыгуу, түзүү, көрсөтүү жана жайылтуу, ошондой эле санариптик чөйрөнүн шарттарында кесиптик, билим берүү жана инсандык милдеттерди чечүү үчүн санариптик технологияларды, маалыматтык ресурстарды жана медианы натыйжалуу пайдаланууга жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын чагылдырган инсандын интегративдик мүнөздөмөсү.

Ар бир компетенттүүлүктүн ички түзүмү билимдин, көндүмдөрдүн жана мамилелердин жыйындысы менен чектелбейт. Негизги компетенттүүлүктөр тобу иерархиялык түрдө түзүлгөн эмес. Окуу кырдаалдары чыныгы жашоодогудай долбоорлонуп, төрт негизги компетенттүүлүктүн бардык аспектилерин камтыган билимдерди, көндүмдөрдү жана мамилелерди колдонууну талап кылышы керек. Предметтик компетенттүүлүк менен катар негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу – мектептик билим берүүнүн актуалдуу предметтик милдеттерине кошумча, окуучулардын чечим кабыл алуу, белгилүү кырдаалда аракеттенүү, күнүмдүк маселелерди чечүү, өз алдынча билим алуу жана ар түрдүү жаңы чакырыктарга ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган жалпы билим берүүнүн маанилүү жаңы милдети болуп саналат.

Компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээли белгилүү бир натыйжага жетүү үчүн (маселени/көйгөйдү чечүү) белгилүү жол менен аракеттенүү жөндөмдүүлүгүндө аныкталат. Бул жөндөмдүүлүк тиешелүү билимдерге, көндүмдөргө жана мамилелерге негизделет.

Окутуунун натыйжаларын пландаштырууда жана окуудагы жетишкендиктерди баалоодо эске алынышы керек болгон негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн калыптанышынын үч деңгээли белгиленет:

— репродуктивдик деңгээл окуучулардын берилген үлгүнү (ар кандай иш-аракеттин алгоритмин) аткара билүүлөрү менен мүнөздөлөт;

— продуктивдик деңгээл жөнөкөй иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу алгоритмин колдонуу менен жаңы кырдаалдагы иш-аракетти аткаруу жөндөмдүүлүгүн билдирет;

креативдик деңгээл өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтерин пайдаланып, татаал иш-аракеттерди ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү.

Окутуунун ар бир баскычында окуучулар билим берүү шарттарын эске алуу менен курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат. Негизги, предметтик компетенттүүлүктөрдү, инсандык сапаттарды, баалуулуктарды калыптандыруу процесстери окуучулар тартылган сабактардын, иш-чаралардын (окутуучу, тарбиялык, өнүктүрүүчү, кошумча ж.б.) предметтик мазмунуна жана форматтарына ылайык келүүнү талап кылат.

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген/билим алууга өзгөчө муктаждыктары бар окуучулар үчүн адаптацияланган жекече билим берүү программасын (мындан ары – ЖБП) иштеп чыгуу зарыл, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек: ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген/билим алууга өзгөчө муктаждыктары бар балдардын өзгөчө билим берүү муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуучу жекече багытталган сабактардын, иш-чаралардын тизмесин, мазмунун жана ишке ашыруу планын, аларды билим берүү процессине интеграциялоону; алардын өнүгүү динамикасынын мониторингин, адаптацияланган ЖБПны өздөштүрүүдөгү ийгилигин, билим берүү процесстерин түзөтүүнүн; ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген/билим алууга өзгөчө муктаждыктары бар балдарды окутуунун жана тарбиялоонун атайын шарттарынын сүрөттөлүшүн.

4-глава. Билим берүү процессин уюштуруу

Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планы (мындан ары – БОП) – милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилөөчү документ иштелип чыгат, ал төмөнкү деңгээлдер боюнча жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн 12 жылдык ченемдик мөөнөтүнө эсептелген:

– башталгыч жалпы билим берүү: 1-6-класстар (алты жыл);

– жалпы негизги билим берүү: 7-9-класстар (үч жыл);

– жалпы орто билим берүү: 10-12-класстар (үч жыл).

БОП башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү боюнча окуу предметтеринин тизмесин жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилейт, бирдиктүү педагогикалык процессти уюштурууга жана жүргүзүүгө карата талаптарды ишке ашырат.

БОП беш күндүк окуу жумасында окуучулардын жумалык окуу жүктөмүнүн чегин класстар боюнча төмөнкү көлөмдө (саат менен) белгилейт:

Класстар123456789101112
Жумалык окуу жүктөмү212323232829303030303030
Окуу жүктөмүнүн чеги212323232930323333343434

 

Мамлекеттик билим берүү стандарты төмөнкүдөй билим берүү чөйрөлөрүнө бөлүнөт, алардын ар бири базистик окуу планында бекитилген предметтерден турат:

— филологиялык;

— социалдык;

— математикалык;

— табигый-илимий;

— искусство жана технологиялар;

— ден соолук маданияты.

Жалпы билим берүүнүн жогорку баскычында окуучуларга окутууну дифференциациялоого жана жекелештирүүгө багытталган профилдик окутуунун багытын тандоо мүмкүнчүлүгү берилет, ал билим берүү процессинин түзүмүндөгү, мазмунундагы жана уюштурулушундагы өзгөрүүлөрдүн эсебинен билим берүүнү улантууга же эмгек рыногуна чыгууга карата окуучунун кесиптик кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына ылайык анын кызыкчылыктарын, шыгын жана жөндөмдүүлүгүн эске алууга мүмкүндүк берет.

5-глава. Баалоо системасы

Окуучулардын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчү негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн, инсандык сапаттардын калыптануу деңгээли болуп саналат.

Окуучулардын окуудагы жеке жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн класста баалоонун үч түрү колдонулат: диагностикалык, калыптандыруучу (формативдик) жана суммативдик.

Диагностикалык баалоо — окуу процессин ыңгайлаштыруу жана андан кийин окуучунун прогрессин баалоо үчүн белгилүү бир чөйрөдөгү компетенттүүлүктүн, билимдин же көндүмдөрдүн өнүгүшүнүн баштапкы деңгээлин аныктоо үчүн колдонулат. Диагностикалык баалоонун жыйынтыгы сыпаттоо түрүндө катталат, алар жалпыланат жана мугалим үчүн окутуу милдеттерин жана окуучу үчүн окуу милдеттерин коюу аркылуу окуу процессине түзөтүүлөрдү киргизүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болот.

Калыптандыруучу (формативдик) баалоо — бул окуу процессин өз убагында оңдоо, пландаштырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана конструктивдүү кайтарым байланыш берүү аркылуу окуучунун окуу процессине өз убагында колдоо көрсөтүү максатында окуу процессине байкоо жүргүзүүнүн жана маалымат чогултуунун максаттуу үзгүлтүксүз процесси.

Суммативдик баалоо — окутуунун стандарттарынын ченемдерине жана талаптарына окуучулардын билиминин дал келүүсүн, окутуунун пландаштырылган натыйжаларын өздөштүрүү деңгээлин аныктоо. Суммативдик баалоо системалуу түрдө окуу бөлүмү, темасы, окуу мезгили (чейректик, жарым жылдык, жылдык) аяктагандан кийин жыйынтыктарды аныктоо үчүн класс ичинде жүргүзүлөт. Ошондой эле тышкы экзамендер, жыйынтыктоочу аттестация жана тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.

Окутуунун деңгээлдери (баскычтары) боюнча баалоонун өзгөчөлүктөрү.

1-3-класстарда белги коюлбаган система колдонулат – жетишкендиктерди баалоо педагогго окутуунун оптималдуу методикасын тандоого мүмкүндүк берүүчү сапаттык мүнөздөмөлөр түрүндө ишке ашырылат. Жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сапаттуу сүрөттөөчү баалоого гана жол берилет. Төмөнкүлөр бааланбайт: окуучунун ишинин темпи, инсандык сапаттары, алардын психикалык процесстеринин өзгөчөлүгү (эс тутумдун өзгөчөлүктөрү, көңүл буруу, кабылдоо, ишмердүүлүгүнүн темпи ж.б.). 3-6-класстарда окуудагы жетишкендиктерге байкоо жүргүзүү, аларды көз карандысыз баалоо изилдөөлөрүнүн натыйжалары менен салыштыруу, ошондой эле билим берүүнүн кийинки деңгээлинде окууга даярдык деңгээлин аныктоо үчүн баллдык система киргизилет.

Башталгыч жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин башталгыч жалпы билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүнө тестирлөө жүргүзүлөт. Тестирлөөдө тилдик, окурмандык, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулуктары боюнча окутуунун пландаштырылган натыйжаларына ылайык жеке жетишкендиктерди баалоого мүмкүндүк берет. Башталгыч жалпы билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүнүн тесттик жыйынтыктары улуттук деңгээлдеги башталгыч билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн да колдонулат.

Окуучунун инсандык өнүгүү көрсөткүчтөрү окуучу, ата-энелер жана орто жалпы билим берүүчү уюмунун педагогдору үчүн сунуштар менен сүрөттөмө мүнөздөмө катары белгиленет.

7-12-класстарда класс ичиндеги баалоо критериалдык, билим берүүнүн натыйжаларына карата прогрессти аныктоого, окутуунун ички мотивациясын стимулдаштырууга, өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо жана өз ара баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.

8-класста кесипке багыт берүү максатында окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн диагностикалоо жүргүзүлөт, анын натыйжалары предметтер боюнча жыйынтыктоочу белгилерге таасир этпейт. 9-классты аяктагандан кийин мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация билим берүү тармагынын ыйгарым укуктуу органы аныктаган форматта өткөрүлөт.

12-классты аяктагандан кийин профилдештирүү багыттарынын форматын жана мазмунун эске алуу менен жыйынтыктоочу баалоо (экзамендер) жүргүзүлөт. Окутуунун жана бүтүрүү экзамендеринин жыйынтыктоочу баллдары колледждерге жана жогорку окуу жайларга тапшырууда профилдик предметтер боюнча суммалык балл түрүндө эсепке алынат.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырууну пландаган окуучулар Жалпы республикалык тестирлөө тапшырышат.

Баалоонун ченемдери жана критерийлери, ошондой эле суммативдик баалоонун негизги түрлөрү жана формалары билим берүү тармагынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү предметтик стандарттар менен регламенттелет.

НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР ЖАНА ТЕРМИНДЕР

Ушул Мамлекеттик стандартта төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

базистик окуу планы – милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун жана окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилеген документ;

тарбиялоо – инсанды өнүктүрүүгө, адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарындагы коомдо кабыл алынган жүрүм-турум эрежелердин жана ченемдеринин, социалдык-маданий, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде окуучуга өзүн-өзү аныктоого жана социалдашууга шарттарды түзүүгө багытталган иш;

диагностикалык баалоо – окуучунун прогрессин кийин баалоо үчүн анын калыптанган компетенцияларынын башталгыч деңгээлин аныктоочу процесс;

«жашыл көндүмдөр» – экологиялык коопсуз жашоо ыкмаларын өздөштүрүү, туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү коомду өнүктүрүү жана колдоо, экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жана алдын алуу үчүн зарыл болгон билим, баалуулуктар жана мамилелер;

интеграция – окуучуларды дүйнөнү бирдиктүү кабылдоону калыптандырууга жана негизги компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүгө жалпысынан багытталган айрым предметтердин, билим берүү чөйрөлөрүнүн, билим берүү процессинин алкагындагы мазмундун түзүмдүк компоненттеринин ортосундагы байланыштарды түзүү жана өз ара байланышын камсыздоо процесси;

негизги компетенттүүлүктөр – социалдык, мамлекеттик, кесиптик тапшырыкка ылайык аныкталган, көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжасы;

компетенттүүлүк мамиле – бул билим берүү процессинин концептуалдык негизи, ал окуучулардын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө ийгиликтүү аракеттенүүсүн камсыз кылуучу компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган; компетенттүүлүк мамиленин негизги принциби болуп окутуунун реалдуу натыйжаларына багыт алуу саналат, ал билимдин көлөмү менен гана эмес, окуучунун өзгөрүүлөргө көнүү жана белгисиздик шарттарында иштөө жөндөмүн колдонуу менен аларды стандарттуу эмес кырдаалдарда колдонуу жөндөмдүүлүгү менен өлчөнөт;

критериалдык баалоо – так аныкталган, биргелешип иштелип чыккан, билим берүүнүн максаттарына жана мазмунуна шайкеш келген, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзгөн, окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн алдын ала белгилүү болгон критерийлер менен салыштырууга негизделген окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо;

модулдук-уя мамилеси – негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган билим берүү мазмунун системалаштыруу үчүн методологиялык негиз болуп саналат. Анын структурасы билимдин жана жөндөмдүн жаңы элементтерин толуктоо мүмкүнчүлүгү менен кеңири компетенттүүлүктөрдү жана алар менен байланышкан негизги көндүмдөрдү бириктирген «уяларга» негизделген. Өзүнчө көндүмдөр ийкемдүү жана адаптацияланган системаны түзүүдө бир нече компетенттүүлүктөр менен өз ара байланышта болушу мүмкүн. Компоненттердин белгиленген тизмесине эмес, базалык компетенттүүлүккө негизги басым жасалып, динамикалык түрдө өзгөрүп туруучу билим берүү талаптарынын жана шарттарынын алкагында мамиленин туруктуулугун жана колдонулушун камсыз кылат;

билим берүү чөйрөсү – адамдын ишмердигинин белгилүү чөйрөсүнө таандык, илимий жана практикалык иштин педагогикалык жактан ыңгайлашкан тажрыйбасы түрүндө берилген билим берүүнүн мазмуну;

билим берүү (окуу) программасы – предметтик стандарттын негизинде иштелип чыккан жана предметтин мазмунунун окутуу темалары, бөлүмдөрү жана мезгилдери боюнча бөлүштүрүлгөн, уюштуруу-педагогикалык шарттарды, анын ичинде болжолдуу календардык-тематикалык пландаштырууну жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун формаларын жөнгө салуучу документ;

окутуу – окуучулардын билимди, жөндөмдөрдү, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүү, билимин күнүмдүк жашоодо колдонууда тажрыйба топтоо жана өмүр бою билим алууга шыктануу боюнча ишмердигин уюштуруунун максаттуу багытталган процесси;

баалоо – окуучулардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар турмушта зарыл болгон компетенцияларга ээ болуусуна, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Мамлекеттик стандартынын талаптарына бул иштин жыйынтыктарынын шайкештигин аныктоо үчүн окуучулар, мугалимдер, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен кайтарым байланышты жүзөгө ашырууга багытталган окуучулардын билим арттыруучу ишмердигин өлчөө, интерпретациялоо жана талдоо процесси;

жалпы билим берүү – бүтүрүүчүнүн коомдогу активдүү иши үчүн жетиштүү болгон, анын баскычтарына ылайык келген билимди, жөндөмдөрдү, баалуулуктарды жана практикалык көндүмдөрдү камсыз кылуучу тарбиялоо жана окутуу системасы;

предметтик компетенттүүлүктөр – билим берүү натыйжаларынын жыйындысы түрүндө айрым предметтердин материалында аныкталуучу компетенттүүлүк;

предметтик стандарт – предметтин алкагында окуучулардын билим алуудагы натыйжаларын, аларга жетишүү ыкмаларын жана өлчөө жолдорун регламенттөөчү документ;

суммативдик баалоо – окутуунун натыйжаларына окуучулардын жетишкен даражасын аныктоо, алар баа коюу менен туюндурулат; суммативдик баалоо учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу болушу мүмкүн;

калыптандыруучу (формативдик) баалоо – окуучулардын окуу процессинде кандай деңгээлде экендигин, алар кайсы жерде кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгын жана окуучу менен мугалим билим алуу процессин жакшыртуу үчүн кандай кадамдарды жасаш керектиги боюнча мугалимди маанилүү маалымат менен камсыздаган баалоо;

функционалдык сабаттуулук – адамдын ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана коомдук мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндө практикалык жана турмуштук маселелердин кеңири диапазонун чечүү үчүн окуу процессинде алган билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн колдоно алуу жөндөмдүүлүгү;

баалуулук – жарандардын акыл-эси, ой-сезими, пикири, табити жана жалпы маданиятынын калыптануу, өнүгүү жүрүмүндө аныктоочу, багыттоочу күчкө ээ болгон, ошонусу менен коомдун алга жылышына оң таасирин тийгизген, салттуу жана заманбап, рухий жана заттык, улуттук жана дүйнөлүк туруктуу болуулар.

Бөлүшүү

Комментарийлер