КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

  • 13.03.2020
  • 0

Тентиев Ж.,
техн. илим. докт, проф., архитектура илим. проф.,
КР УИА мүчө-корр.,
КР Инженерлер Академиясынын академиги

 

Календарь түшүнүгү. Календарда астрономиялык кубулуштар колдонулат: Ушулардын негизинде убакыт өлчөмдөрү түзүлгөн: күн-сутка (24 саат), ай (~29 күн 12 саат), жыл (~365 күн 6 саат). Бул өлчөмдөрдү ыңгайлаштыруудан үч түрдүү календарь жаралган: Ай календары, Ай-Күн календары, Күн календары.

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

Түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда, байыркы календарь сакталган. Бул календарда жыл экиге бөлүнүп, жылуу бөлүгү кийиктердин аттары аркылуу аталып, суук бөлүгү тогуздан бирге чейин, кемитүү түрүндө так сандар менен белгиленген.

  • Чын Куран, I ай, 18-март (күндүн узундугу = 12 саат);
  • Бугу, II ай;
  • Кулжа, III ай;
  • ТЕКЕ, IV ай, 18-24-июнь (күндүн узундугу = 17,33 саат);
  • Баш Оона, V ай;
  • Аяк Оона, VI ай;
  • Тогуздун Айы, VII ай, 18-сентябрь (күндүн узундугу = 12 саат);
  • Жетинин Айы, VIII ай;
  • Бештин Айы, IX ай;
  • Үчтүн Айы, X ай, 18-25-декабрь (күндүн узундугу = 7 саат);
  • Бирдин Айы, XI ай;
  • Жалган Куран, XII ай.

Дүйнөлүк цивилизацияда белгисиз кыргыз календарынын сырдуу жактары көп: Эмне үчүн жыл экиге бөлүнгөн? Эмне үчүн жылдын жылуу бөлүгү кийиктердин аттары аркылуу аталган? Эмне үчүн жылдын суук бөлүгү тогуздан бирге чейин кемитүү түрүндө так сандар менен белгиленген? Жалган куран эмнени түшүндүрөт? Качан, кайсы доордо жаралган? Кимдер, кайсы цивилизацияда жараткан? Календарь жаралышына эмне түрткү болгон?

Календарь адамдардын аң сезиминдеги жашоо-тирүүлүктөн чыккан убакыт философиясы экендигин эске алып, философиялык негиздери аныкталган.

 

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫНЫН ФИЛОСОФИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

  1. Жылуу – Суук

Алгачкы Жылуу – Суук дуалисттик “календарынын” жаралышы.

Сөз жаралуу мезгилиндеги протоадамдардын аң-сезиминин деңгээли, жашоо-тиричилиги уңгу сөздөрдүн жаралышында камтылган.

Гипотеза. Байыркы адамдар, аң-сезими өөрчүй элек мезгил болгондуктан , суук менен жылуулукту эле ажырата билген, жылды экиге бөлүшкөн.

Жылуу

Жылуу сөзүнөн Жыл түзүлгөн;

а) Жылуу Жылуу →Жыл

Жылуу – Жашоо бөлүгү: аңчылык аркылуу жылдын кышкы азыгын- корун топтоо. Бул адамга жагымдуу кургак жылдын жашоо бөлүгүн эле Жыл атагандык! Жылуунун келиши Көктөм.

Суук

Суу сөзүнөн Суук жаралды.

б) Суу → Суу → Суук

Суук – адамга коркунучтуу, нымдуу бөлүгү – Тирүүлүк үчүн күрөшүү – Суу сөзүнөн түзүлгөн. Сууктун бүтүшү Көктөм.

Демек, дуалисттик Жылуу – Суук календарынын башаты, адамдар суук менен жылуулукту эле ажырата билген, аң-сезими өөрчүй элек мезгилге туш келет! Убакыт ажырымынын жаралышы – бул алгачкы “Календарь” түшүнүгү.

  1. Жашоо – Тирүүлүк
  2. Жазгы күн-түн теңелиши, аң уулоо башаты (I- IV ай).

Кайберендер көргөзүп турат: аң уулоо жазгы күн түн теңелгенде, тоо этегинен, Чын Куран айында башталып, күн жылыган сайын өйдөлөп, Бугу, Кулжа, тоо чокусунда – Теке айында бүтөт.

  1. Аң уулоодон кайтуу (V-VI ай), тапкан олжосун тоодон Жер үйгө жеткирүү (адашпас үчүн топ жылдыздарды колдонушкан).

Муз доорунда аңчылар алыскы тоолордун бийиктигине чейин көтөрүлгөндүктөн, адашпай кайтып келүүсү – бул жашоо үчүн багытты аныктоо. Эң алгачкы адамдардын байкаганы – төбөдөгү Казык жылдызы! Казыкка «байланган» Алты Аркар, Жети Каракчыдан (Чоң Жетигенден) казыкты тегеренип «үрккөндүктөн», Үркөр тобу аталган. Демек, анын аталышы адамдын адашпай көчүп жүрүшүнө байланыштуу.

Биринчи сүрөттө Үркөр топ жылдызынын асмандагы Баш оона, Аяк оона айына туура келген орду көргөзүлгөн.

Аркар-кулжалар тоодогу кийиктер, илимде белгисиз «животный цикл» – жылдыздарга кийиктердин аттарын берүү салты тоодо, прототүрктөр аркылуу, аң уулоо доорунда жаралгандыгынын белгиси !

  1. Күзгү күн-түн теңелиши. Кыштоо (VII-XII ай).

Жылдын экинчи бөлүгү, күзгү күн-түн теңелген учурдан жазгы күн-түн теңелген учурга чейинки суук айлары, так сандар (тогуздан бирге чейин), акыркы он экинчи үзүмчүлүк айын Нөл түшүнүгү аркылуу белгилешкен!!! Тогуздун айы (VII ай). Жети жана Тогуз ыйык сандар. Аныктамасы: Жетинчи айды Тогуздун айы деп аташканы “Айдан аман, жылдан эсен чыгалы” тилеги – төлгө салуу салты, тогуз кумалак, чакмак таштар, чүкө оюндары жаралган. Кышкы азыктын корунун толугу – «Бир тогуздун» жаралышы.

9дан 0гө чейин айдын аттары- бул азыктарын алты айга бөлүү Жалган куран (XII ай) эң коркунучтуу ай, азык-түлүк аяктаар мезгил. Жандыктарга жалган, жок дүйнө – ошондуктан жалган куран, жалган аркылуу нөл түшүнүгү берилген. Жалгандын дагы бир түшүнүгү – тилек катары берилген, бул жыл бүтүп кайра улансын – Жалгансын!!! Нөлдүн түшүнүгүн, жок сөзү менен бербестен, жалган аркылуу белгилениши – Жаратканга карата суранычты билдирет!

Кыргыз Календары – жылдын ичиндеги айларды, күндөрдү көрсөткөн система катары, Муз доорундагы тоодогу аңчылардын турмушун көргөзүп тургандыктан, бул календарь ошол доордо жаралган, Дүйнөдөгү эң байыркы календарь!!!.

III. Көктөм – Жаңы Жыл

Жаңы жылдын келиши Кыргыз (түрк элдеринин) тил жаралуу доорундагы сөздөрдө:

а) Көктөм эки муундан жаралган сөз: Көк – ыйык асман; жашыл чөп; Көк өң; ТӨМ, тагыраак Төн – “караңгылыкка төнүп, көздөн кайым болушту”.

КӨК чыкты (чөптүн өңү жашыл) сөзү көргөзүп турат, байыркы адамдардын өңдү ажырата элек кези. Байыркы адамдардын аң-сезиминде Көк-Күн аркылуу жылуулук жана жаан болуп төмөн түшүп, төнүп, жерге сиңип, кайра ыйык көк чөпкө айланып жерден чыгуусу; Көк чыкт – көктөм.

б) Үт (От). кыргыз (түрк) тилдеринде ҮТ түшүнүгү, ҮТ – ОТ. Отко сыйынган мезгил. Тирүү жандыктар дүйнөсүнө кыйынчылык туудурган – жутту алып келе турган чак – жалган куран айынын бүтүшү.

в) Теңир. Жылуу менен Сууктун Теңдигин Көктөн тилөө,

Улуу Күч – Жаратканга Ишенимге алып келди.

  1. Улуу Ишеним Көкө – Теңир. Теңир

Көктөн күн-түн теңелүүсүн, Үттүн (Оттун, Жылуунун) үйгө кирүү тилегин жыл бою күтүү, миңдеген жылдары кайталанышы, байыркы адамдардын аң-сезиминде Коштук-Теңдикти, Улуу Ишенимди Тең кир Теңкир Теңирди жаратты!

Теңирге сыйынуу бул аң-сезими өнүгө элек байыркы адамдардын эң алгачкы сыйынуусу, айлана чөйрөдөгү коркунучтуу кубулуштардан сактанууну Көктөн издөө.

Адамзаттын палеолит доорундагы, коомдук аң-сезими өнүгө элек, полигамдык Жер Үйдөгү жашоосу болгондуктан, ар бир адамдын Көктөгү Улуу Эс – Жаратканга жеке ишеними жаралган.

Теңирге сыйынуу байыркы Палеолит доорунда, коомдук аң-сезимдин өнүгө элек кези болгондуктан, дин жаралган эмес.

Боз үйдө – ыйык үйдө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири Теңирге жеке сыйынгандыктан, динге кызмат кылган адамдар (молдолор) жаралган эмес, ошондуктан динге айланган эмес!

Демек, Түрк дүйнөсүндө Көктөмдүн – Жаңы Жылдын келиши таш доорунда жаралганын аныктайт !

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

 

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫНЫН ГРАФИКАЛЫК НЕГИЗИ

 Календардын келбетинин түшүнүктөрү (1-сүрөт):

Күн тамга (төгөрөктүн төрт бурчу – түндүк); Кыргыз Календары – жылдын ичиндеги айларды, күндөрдү көрсөткөн система катары Күндүн жерге тийген суткалык жарыгы, Күндүн жыл бою жерге берген жылуусунун өзгөрүүсүн, Күндүн жардамы аркылуу Айдын жыл бою 12 жолу толуп жана кемип туруусунан жаралган, ошондуктан календардын келбети Күн тамгадан башталган.

Күн тамганын тегерегинин сыртына күндүн узарып – кыскарышына жараша күндүн узактыгы тартылган: Саратан – эң узун күндөр, Чилде – эң кыска күндөр;

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

1-сүрөт. Кыргыз календарынын келбети (графикалык негизи).

 

БАШКА КАЛЕНДАРЛАРДАГЫ ОКШОШТУКТАР

 Араб календарында

Күн түн теңелүү чеги – Үт түшүнүгүнүн (Шумерлерде Уду (Үт) – Ыйык, Күн-Жараткан, От (Үт) (огонь). Отко сыйынган мезгил) табышмактуу жагы бул арабдардын эски календарында он экинчи айынын аты, ошондуктан ҮТ түшүнүгү арабдарга Азиядан барган “табышмактуу көчмөндөр” ШУМЕРлер аркылуу өткөндүгүн белгилеп турат. Арабдарда төртүнчү ай биздин календардагыдай Саратан деп аталат.

Юлиан, Григориан календарында

Юлиан, Григориан календарында Сентябрь (IX ай), Октябрь (X ай), Декабрь (XII ай). Ушул латын тилиндеги айлардын аттарын кыргыз тилине которсок: Сентябрь – жети, Октябрь – сегиз, Декабрь – он. Демек, бул календарда жазгы күн түн теңелүүсүнөн – Көктөмдөн башталган, Шумерлер алып барган календардын изи жатат.

Календарды өзгөрткөн реформадан кийин: Сентябрь – жетинчи, Октябрь – сегизинчи, Декабрь – онунчу ай бойдон калып калган.

Ирандыктарда Навруз – Сада

Ирандыктарда жаңы жылдык майрам – суук бүтүп жылуулуктун келиши жер айдоо менен байланышкан Сада – Жүз (100) деп аталат.

Бирок, ирандыктарда (тажиктерде) жылуулук Сада (жаңы жыл) күн түн теңелүүдөн (21-марттан) 50 күн мурда келет.

Жүздү (50 күн + 50 түн = 100 Сада) санына байланыштыруу, 100 өзү айтып тургандай, ойдон чыккан иш, бул түрк дүйнөсүнүн Көктөм жаңы жылын иран тилинде Нооруз -жаңы күн (жаңы жыл эмес) деп аталышы.

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

ЭМНЕ ҮЧҮН ӨНГӨН ЧӨПТҮ ТАМЫРЫ МЕНЕН КАЙНАТЫШКАН?

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

Өнгөн урукту чоң казанга таш менен кошо таң аткыча кайнатышат. Бул Муз доорундагы азык-түлүктүн үзүмчүлүгү (көк чыгып, аңчылыктын баштала элек кези), өнгөн чөптү тамыры менен, таш казанга кайнатып жеген кездеги салт катары карасак болот!

 МУЗ ДООРУНДА КАЗАН БАР БЕЛЕ?

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

 Таш казан – темир жарала элек доордо казан таштан болгондугу өзүнүн аты аныктап турат: казан-каз (этиш-копать), ан →аң (яма), таштар менен боору капталган казылган аң. Муз доорунда жаралгандыгын аныктап турат!

Казандын ичине салынган өнгөн уруктун, чөптүн ар бир катмарын таштар менен бастырып, таң аткыча кайнатуу, от үстүнөн жагылгандыктан, чөптү бышырыш үчүн колдонулган.

Сүмөлөк кайнатуу прототүрктөрдүн жылынын жаңырыш чеги – Көктөм – Жаңы жылдын келиши.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮНДӨ ЖАҢЫ ЖЫЛ БОЛГОНБУ?

 Жаңы Жыл – Көктөмдүн аныктамасы:

  1. Жазгы күн түн теңелүүсү – Көктөмдүн келиши.
  2. Суук бүтүп Жылуулуктун келиши – Көктөм.

III. Жалган куран бүтүп, Чын курандын башталышы – Көктөм.

  1. Жылуулук келгенде, Аң уулоонун тоо этегинен Чын Куран айында башталышы – Жылдын Жаңырышы – Көктөм.
  2. Жазгы күн түн теңелүүсүнүн Теңирге айланышы Көктөмдү, Көкө-Теңир –Кудай бийиктигине чейин жеткирди.

Астрономиялык негиз

  1. Бул түшүнүктөрдүн бардыгы бир чекитти – Аалам Экватору менен Эклиптиканын, жазгы күн түн теңелүүсүнүн кесилишин – Көктөмдү көргөзүп турат.
  • күзгү күн түн теңелүүсү;
  • жазгы күн түн теңелүүсү.

КЫРГЫЗ КАЛЕНДАРЫ

2-сүрөт. Аалам экватору менен эклиптиканын кесилиши.

VII. Жыл көжө, Чоң көжө, Сүмөлөк, өнгөн чөптү тамыры менен жеген кез, Муз доорундагы азык-түлүктүн үзүмчүлүгү – Көктөм.

Азыркы салт – Жыл көжө, Чоң көжө, Сүмөлөк. Суук кетип Жылуулук келүүсү – Көктөмдүн, Көк Чыккандыктын белгиси! Азыркы убактагы сүмөлөктүн жасалышын талдасак: өсүмдүктөрдүн уругун сууланган чүпүрөк менен чүмкөлөп (чүмбөттөп) караңгы жерге койсо, өсүп чыгат.

Бөлүшүү

Комментарийлер