КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МАДАНИЯТЫНА ЖАНА УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРЫНА АРНАЛГАН КУРС

  • 31.10.2024
  • 0

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле жалпы каалоочулар үчүн кыргыз элинин маданиятына жана улуттук баалуулуктарына байланышкан “Кыргыз таануу” окуу курсун өтүүдө. Ал аптанын ар шейшемби күнү саат 18:30да “Сейтек” балдар борборунда болуп турат.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МАДАНИЯТЫНА ЖАНА УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРЫНА АРНАЛГАН КУРС
“Кыргыз таануу” окуу курсунун 6-сабагы “Үрп-адаттардын өзгөчөлүгү жана таасири” темасына арналып, кыргыз элинин күнүмдүк жашоо-турмушундагы адаттар жана алардын коомдогу мааниси кеңири талкууланды.

Төрага сабакта үрп-адаттардын улуттук иденттүүлүктү сактоодогу ордун, алардын социалдык жана тарбиялык маанисин баса белгиледи.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МАДАНИЯТЫНА ЖАНА УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРЫНА АРНАЛГАН КУРС

Уюштуруучулардын айтымында, “Кыргыз таануу” окуу курсу – бул жарандардын улуттук маданиятты таануу жана урматтоо боюнча билимин өркүндөтүүгө багытталган маанилүү демилге.

Айдана Маматбердиева

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер