“КУТ БИЛИМДИН” КУРЧ КАЛЕМИ

  • 09.10.2020
  • 0

Мугалимдердин кесиптик майрамынын алдында биздин калемдешибиз Алимжан Алибеков кош сыйлыкка ээ болду.

“КУТ БИЛИМДИН” КУРЧ КАЛЕМИ

Журналисттер арасындагы сынактарда ийгилик жаратып келе жаткан кесиптешибиз бул жолу ЕККУнун экология жаатындагы абройлуу сынагында  «Улан агайдын «Жашыл шаар» долбоору» аттуу макаласы үчүн жеңүүчү деп табылып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

“КУТ БИЛИМДИН” КУРЧ КАЛЕМИ

А. Алибековго сыйлык  «Насаатчы» эл аралык коомдук фонду тарабынан  көп жылдык агартуучулук эмгеги үчүн берилди.

Сыйлык кут болсун! Калемдер мокобосун!

Бөлүшүү

Комментарийлер