“КУТ БИЛИМДИН” БӨЛҮМ БАШЧЫСЫНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ ТАПШЫРЫЛДЫ
- 02.07.2026
- 0
Ысык-Көлдө өткөн “Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу“ эл аралык жайкы фестивалынын алкагында “Кут Билимдин” мектептер бөлүмүнүн башчысына Ыраазычылык кат тапшырылды.
«Агартуу министрлиги менен бирдикте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору өткөргөн “Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу“ эл аралык жайкы фестивалын өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү, өнөктөштүк колдоосу жана фестивалдын жогорку деңгээлде уюштурулушуна кошкон зор салымы үчүн “Кут Билим” гезитинин мектептер бөлүмүнүн башчысы Алыбаева Гүлнара Мукашевнага ыраазычылык билдиребиз. Сиздин колдооңуз жана ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиз фестивалдын ийгиликтүү өтүшүнө өбөлгө түздү. Меймандостук, уюштуруучулук жана өнөктөштүк сапаттарыңыз менен маданий иш-чаранын мазмунун байытып, анын деңгээлин көтөрүүгө чоң салым коштуңуз”, — делет аталган ыраазычылык катта.
Асель Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер