КУАУ ДА ФОРУМ ӨТТҮ

  • 06.10.2023
  • 0

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде AgroDev долбоорунун алкагында «Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы агро азык-түлүк өндүрүшүнүн туруктуу системаларын өнүктүрүүгө жогорку окуу жайларынын салымы» аттуу жыйынтыктоочу форум өттү.

КУАУ ДА ФОРУМ ӨТТҮ

Форумдун максаты — Борбордук Азиядагы бардык кызыкдар тараптарга долбоордун натыйжаларын, жетишкендиктерин жана таасирин көрсөтүү, ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн (университеттер — фермердик чарбалар-мамлекеттик сектор) билимди өнүктүрүүнүн жана жайылтуунун ролу, таасири, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тажрыйба топтоп, пикир алмашуу үчүн дискуссиялык аянтча берүү.

Долбоордун алкагында, кызыкдар тараптардын активдүү өз ара аракеттенүүсү аркылуу агроөнөр жай секторунун муктаждыктарына жооп берген жогорку кесиптик билим берүүнүн мазмунуна окутуунун инновациялык-практикалык багытындагы методдору имплементацияланды. Борбордук Азиядагы төрт университетте иштеп жаткан окуу программалары жана атайын дисциплиналар боюнча окуу модулдары модернизацияланды.  Бул сапаттуу адистерди даярдоого жакшы дем берет.

КУАУ ДА ФОРУМ ӨТТҮ

Иш-чарада Хилфсверк эл аралык уюмунун  өкүлү Умед Асланов жергиликтүү агроазык-түлүк продуктыларынын сапатынын жана коопсуздугунун стандарттарын илгерилетүү үчүн Борбордук Азиялык, региондук билим платформасы жөнүндө презентация жасады.

Австриянын эл аралык долбоорлорунун өкүлү Дэвид Винклер (Австрия) «Санариптик айыл чарба чечимдери, кызыкдар тараптар үчүн санариптик окутуу платформасы», ал эми Agrarna компаниясынын Айыл чарба өндүрүшү жана Primavega өндүрүүчүлөр тобунун директору Кшиштоф Ружицки «Айыл чарбасында так дыйканчылык» темасында онлайн форматта баяндамаларын окушту.

КУАУ ДА ФОРУМ ӨТТҮ

Форумдун катышуучулары төрт жумушчу сессияга бөлүнүп, Борбордук Азия университеттери тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөргө GAP & GLOBALG.A.P. тутумун киргизүү жана колдоо, экспорттук потенциалын жана туруктуулугун жогорулатуу, агроөнөр жай комплексинин ишканалары үчүн илимий негизделген билим сунуштарын иштеп чыгуу жана берүү, агроазык-түлүк ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн системалуу өндүрүштү киргизүүгө карата маалымдуулугун жана мотивациясын жогорулатуу, университеттер тарабынан айыл чарбасын санариптештирүү жаатында агроөнөр жай комплексинин чакан жана орто ишканаларын колдоо үчүн берилген санариптик чечимдер жана көндүмдөр боюнча актуалдуу маселелер талкуулашты.

Өнөктөш университеттердин студенттери долбоордун тематикасы боюнча өз плакаттарынын презентациясын көрсөттү. Алардын иштери комиссия тарабынан бааланып,  байгелүү сыйлыктар менен сыйланышты.

Жыйынтыгында, ЕС жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тармактык өз ара аракети жана жаңы долбоордук идеялар макулдашылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер