КРВИ КҮЧӨГӨНДҮКТӨН ЖҮЗДӨГӨН МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТТҮ

  • 16.12.2025
  • 0

15-декабрга карата өлкө аймагында эпидемиологиялык абалга байланыштуу 526 мектеп убактылуу онлайн окутуу форматына өттү. Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси ишин токтотуп, санитардык-алдын алуу чаралары күчөтүлдү.
Бул чечим курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды.
Маалыматтарга караганда, 2025-жылдын 50-жумасында (8–14-декабрь) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 37 миң 629 учуру катталган. Мурунку жумага салыштырмалуу оорулардын саны 11,7 пайызга азайганы байкалууда. Ооругандардын басымдуу бөлүгүн — 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Учурда билим берүү мекемелеринде балдардын саламаттыгын коргоого багытталган профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер