КОНКУРС: БАЛА БАКЧА ДИРЕКТОРЛОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 26.11.2024
  • 0

124 талапкер мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директору болуп дайындалды.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Мээрим Закировадан алынган маалымат боюнча өлкө боюнча 53,2% мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору ээлеген  кызмат орду 5 жылга толо элек болгондуктан конкурска тартылган жок.

КОНКУРС: БАЛА БАКЧА ДИРЕКТОРЛОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

— Конкурстун биринчи айлампасында 762 балдар бакчасынын директору вакант орундарына  конкурс жарыяланган болсо, аларга 124 талапкер конкурстан өтүп, дайындалды.

Министрлик, балдар бакчасынын жана мектепердин бош орундарына конкурска катышууга кызыкдар жарандандар үчүн 2024-жылдын 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин онлайн-семинар өткөрдү. Ага өлкө боюнча 1540 талапкер катышты.

Онлайн-семинар учурунда сынакка катыша турган талапкерлердин арыздарын, документтерин туура каттоо, ченемдик-укуктук актылар, маалымат технологиялык  компетенттүүлүк, тесттердин мазмуну жана  тестирлөөдөн өтүүнүн жол жобосу жөнүндө маалыматтар берилди.

Учурда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун ваканттык орундарына экинчи ирет конкурс жарыяланып, талапкерлердин документтери кабыл алынды, — деди ал.

КОНКУРС: БАЛА БАКЧА ДИРЕКТОРЛОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Октябрь айында өткөн конкурста 85 пайызга ээ болгон Нина Владимировна Измайловага Бишкек шаарындагы Биринчи май районундагы №61 бала бакчасынын директорунун милдети жүктөлдү. Ал конкурстан алган пикирлери менен мындайча бөлүштү.

— Мен быйыл бала бакчалардын башчылары үчүн жарыяланган конкурска биринчи жолу катышып, эң жогорку упайга ээ болдум. Талапкерлер үчүн эң жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгилеп кетким келет. Биз тесттеги суроолорго алдын-ала даярданганбыз, анткени конкурс – бул даярданууну талап кылат. Суроолору өтө татаал болду деп айта албайм, ар бир мекеме жетекчиси билүүгө тийиш болгон ченемдик-укуктук база, билим берүүдөгү менеджмент, психология, мектепке чейинки психология жана педагогика боюнча суроолор камтылган. Ошондой эле компьютердик сабаттуулук боюнча суроолор болду. Алдыдагы конкурстарда катыша турган талапкерлерге айтаарым – кылдат даярдануу гана керек, биз мурда билип жүргөн жана билүүгө тийиш болгон темаларды кайталап окуп койсоңор, ашыкча болбойт. Жеке мен үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча суроолор кыйынчылыктарды жаратты, биз чынында компьютерди тиешелүү деңгээлде биле электигибизди мойнубузга алышыбыз керек. Демек, бул багытта тереңдетип окуганыбыз оң, — дейт.

Талапкерлер ар кандай кароо-сынактар экзамен сыяктуу, ал жакшылап, тереңирээк даярданууну талап кыларын баса белгилешти. Анткени ырасында эле мындай конкурстарда ар бир талапкерге өзүнүн күч-дараметин, билим деңгээлин текшерүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Дагы бир эске сала кетчү жагдай, конкурска тиешелүү билим-тажрыйбасы бар адистер катыша аларын жана ошондой эле жаш курагы боюнча чектөө жок экенин да эске сала кетели.

КОНКУРС: БАЛА БАКЧА ДИРЕКТОРЛОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Жогорудагы кесиптеши сыяктуу эң жогорку упай алган баш калаабыздагы №30 бала бакчанын директору Гүлнара Ибраева конкурс ачык айкын, жеткиликтүү өттү деп эсептейт. Анын айтымында конкурс унутканды эске салып, билбеген жерлерин кайталап дегендей, өзүнүн билим деңгээлин, көрөңгөсүн текшерип билүүгө жакшы шарт түзөт. Гүлнара Таштанбековна да конкурска жакшылап даярдануу гана жетиштүү экенин баса белгиледи. Жеке өзүнүн кызыгуусубу, ал компьютердик сабаттуулук боюнча башынан эле түрдүү курстардан окуп, тереңдетип билүүгө кызыгат.

Эске сала кетсек, конкурс эки тур менен өтөт. Биринчи турунда документтерди даярдап өткөрүү, тандоо жүрөт. Талапкерлер документтерди кылдат окуп, туура даярдоого көңүл бурушу керек. Көчүрмөлөрүн да жакшылап тартып, сапаттуулугуна өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо сунушталат. Себеби документтердин бирөө эле тапшырылбай калса, конкурска катышуудан четтетилип калат.

Талапкерлердин катталуу үчүн тиешелүү документтери билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин сайтына (https://ncokoit.kg/) жарыяланат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер