КОНФЕРЕНЦИЯДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ ҮЧҮН САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 02.12.2022
  • 0

2022-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында “Жаш эмгек мигранттарын өнүктүрүүнүн вектору: санариптик көндүмдөр жана финансылык сабаттуулук” аттуу Эл аралык конференция өттү.

КОНФЕРЕНЦИЯДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ ҮЧҮН САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Конфереренцияга Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова катышты.

“E-Quality” — Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү” долбоору боюнча эмгек мигранттары окуу үчүн интерактивдүү тиркемелерге жана виртуалдуу менторинг (насаатчылык) системаларына мүмкүнчүлүк алышат.

Бир катар окутуу багыттары боюнча КР Улуттук квалификация алкагын эске алуу менен квалификациясын жогорулатуу боюнча документтерди алууга мүмкүндүк берүүчү көндүмдөрдү санариптик баалоо жана сертификациялоо куралдары иштелип чыгат.

Бөлүшүү

Комментарийлер