КОЛЛЕДЖЕРГЕ ДОКУМЕНТТЕРДИ КАНТИП ОНЛАЙН ТАПШЫРСА БОЛОТ? ТҮШҮНДҮРӨБҮЗ

  • 08.07.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкы жылы кесиптик орто окуу жайларына да абитуриенттерди кабыл алуу онлайн түрүндө жүрө тургандыгын маалымдайт.

Абитуриент үчүн:

  1. Документтерди электрондук форматта тапшыруу үчүн абитуриент http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайтына кириши керек;
  2. Тизмеден кесиптик орто окуу жайды (колледжди) тандоо керек;
  3. Адистик тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу зарыл;
  4. Андан кийин өтүнмөнүн бардык керектүү талаачаларын толтуруп, сканерден өткөрүлгөн документтерди: жалпы орто билими жөнүндө аттестатты же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктү, сүрөттү жүктөө керек жана “Катталуу” баскычын басуу зарыл;
  5. Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келүү керек жана “Берилген өтүнмөлөр” баскычын басуу зарыл. Бул жерден сиз өзүңүздүн орточо баллыңыздын жыйынтыгын көрө аласыз;
  6. Орточо баллга мониторинг жүргүзүү үчүн абитуриент өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билиши керек;
  7. Абитуриент кабыл алууга сунушталгандардын тизмесинде бар же жоктугун колледждин сайтынан өзүн текшерет;
  8. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алуу.

Кесиптик  орто окуу жайлар:

  1. Абитуриентти каттагандан кийин кабыл алуу комиссиясынын администратору жалпы орто билими жөнүндө аттестаттын же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктүн бааларын киргизет.
  2. Бюджеттик жана контракттык да окуу формасына абитуриенттерди кабыл алуу үчүн негиз катары орто билими жөнүндө аттестаттын (11-класс) же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн (9-класс) орточо баллы жана конкреттүү адистик үчүн эки профилдик предмет же онлайн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо балл алынат.
  3. Билими жөнүндө документтин (11-класстан кийин аттестат жана 9-класстан кийин күбөлүк) орточо баллын эсептөө үчүн билими жөнүндө документтин арифметикалык орточо маанисин чыгаруу зарыл.
  4. Ал үчүн негиз катары билими жөнүндө документтин тиркемесиндеги баалар алынат, алар бири-бирине кошулат жана алынган сумма бардык предметтердин жалпы санына бөлүнөт.
  5. Профилдик предметтер боюнча орточо баа жогоруда көрсөтүлгөндөй эле эки профилдик предметтин орточо арифметикалык суммасы катары чыгарылат.
  6. Кесиптик орто билим берүүнүн ар бир адистиги боюнча профилдик предметтердин тизмеси колледж тарабынан өз алдынча аныкталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер