КОЛЛЕДЖДЕР ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН WORLDSKILLS АЙМАКТЫК ТАЙМАШЫ БАШТАЛДЫ

  • 26.12.2023
  • 0

КОЛЛЕДЖДЕР ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН WORLDSKILLS АЙМАКТЫК ТАЙМАШЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн 26-декабрда республиканын облустарында жана Бишкек шаарында “Мода технологиясы” адистиги боюнча билим алып жаткан колледждердин жана кесиптик лицейлердин студенттери арасында WorldSkills аймактык таймашы өтүүдө.

Сынакка республика боюнча 51 окуу жайы, анын ичинде 9 колледж жана 42 кесиптик лицей катышууда.

Сынактын жыйынтыгы менен республикалык деңгээлдеги сынакка катышуу үчүн 8 билим берүү мекемеси тандалып алынат. Улуттук деңгээлдеги жеңүүчүлөр 2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык сынакка барышат.

Сынактын максаты — заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер