КМУДА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 25.10.2024
  • 0

25-октябрда И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына карата педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Дайырбек Карагуловдун жаркын элесине арналган “Заманбап билим берүүдөгү перспективдүү маалыматтык технологияларды жана методдорду практикада колдонуу” аталышында илимий-практикалык конференция өттү.

КМУДА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
Д.Карагуловдун жаркын элесине арналган илимий-практикалык конференцияга окуу жайдын ректору, профессор Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, ЖМТИнин профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Дайырбек Карагуловдун жаркын элесине арналган видеоролик презентацияланды.

КМУДА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
Ошону менен бирге,иш-чаранын алкагында Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда Дайырбек Карагулов атындагы окуу-методикалык кабинетинин ачылышы өттү.
Д.Карагуловдун 50дөн ашык илимий методикалык эмгектери, алардын ичинен педагогика багытында 8 методикалык колдонмо, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин грифи менен чыккан 2 методикалык колдонмо, информатиканы педагогикалык адистиктерге окутуу боюнча 3 типтүү окуу программасы жарык көргөн.

КМУДА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
Илимий-практикалык конференцияда И. Арабаев атындагы КМУнун доценти, э.и.к. Чороев К.Ч. «Билим берүү чөйрөсүндөгү заманбап маалыматтык технологиялар: мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары»; ага окутуучу Бузурманкулова А.А. «Окуу процесинде “ЭЭМ архитектурасы” электрондук окуу китебин колдонуу»; аспирант Сейтказиева Н.С. «Колледжде дизайн багытындагы адистигин даярдоодо маалыматтык технологияларды пайдалануу» пленардык докладдар менен чыгып сүйлөштү.

КМУДА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
Конференциянын жүрүшүндө окумуштуулар тарабынан эки секцияда ”Педагогикалык, табигый-илимий жана техникалык билим берүүнүн психологиялык-педагогикалык ишмердүүлүктүн сапаты” жана “Математикалык моделдер жана программалоонун актуалдуу маселелери” талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер