Айтматов мурасы КМУда жаңыча ачылды
- 10.12.2025
- 0
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган “Каармандар сүйлөйт” аталышындагы маданий иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, кафедра башчысы Гүлмира Черикчиева, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Жыйында студенттер Айтматовдун көркөм дүйнөсүн сахналаштырып, анын каармандарын жандуу образдар менен элге тартуулашты. Алардын аткаруусунда улуу жазуучунун чыгармаларынан алынган үзүндүлөр көрүүчүлөргө терең таасир калтырып, руханий маданиятты даңазалады.
Иш-чара жаштардын адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, Чыңгыз Айтматовдун мурасын тереңирээк таанып-билүүгө өбөлгө түздү.
(БК)
Бөлүшүү
Комментарийлер