КМУДА АЧЫК ЭШИК КҮНҮ ӨТТҮ

  • 26.04.2023
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда республиканын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Ачык эшик күнү” болуп өттү.КМУДА АЧЫК ЭШИК КҮНҮ ӨТТҮАга окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, курам жетекчилери, студенттер, шаар тургундары жана мектеп окуучулары катышты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Андан кийин окуучулар үчүн кесип тандоо боюнча материалдык-техникалык база менен таанышуу максатында экскурсиялар уюштурулду. Анын алкагында университеттеги кабыл алуу эрежелери, келечектеги кесиптер, чет өлкөдө окуу долбоорлору, институттар, факультеттер жана колледждер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер