КМТУда «Уңгу жол» доктринасынын алкагында студенттик илимий конференция өттү
- 09.12.2025
- 0
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 9-декабрда «Гуманитардык жана коомдук илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулган «Уңгу жол: улуттун эс тутуму жана “Манас” эпосу» аттуу студенттик илимий конференция болуп өттү.
Жыйындын ачылышында модератор, т.и.д., профессор Алыбек Акунов катышуучуларды кубаттуу сөзү менен тосуп, «Уңгу жол» доктринасынын тарыхый, руханий жана идеологиялык маанисине токтолду. Андан соң КМТУ ректору М.К. Чыныбаев сөз алып, университетте улуттук баалуулуктарды жайылтуу, студенттердин тарыхый эс тутумун бекемдөө багытында жүрүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Ал жаш муунду улуттук аң-сезимге тарбиялоо бүгүнкү күндүн башкы милдеттеринин бири экенин белгилеп, студенттик илимий долбоорлорду жана чыгармачылык башаттарды колдоо улантыларын баса белгиледи.

Конференцияга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар, окутуучулар жана студенттер катышып, иш-чарага өзгөчө салмак кошушту. Спикерлер — Адыбаев Абдрахман, Акеров Табылды, Абдраманова Чолпон жана башка илимпоздор «Манас» эпосунун руханий жана идеологиялык ролу, улуттук иденттүүлүктү чыңдоонун тарыхый негиздери сыяктуу маанилүү темаларда мазмундуу баяндамаларын сунушташты.

Жаш илим изилдөөчүлөрдүн ой-пикирлери, «Манас» эпосунун жаңы муунга таасири жана улуттук баалуулуктарды заман талабына ылайык жайылтуу боюнча сунуштар катышуучулар арасында жигердүү талкуу жаратты. Иш-чара студенттер даярдаган чыгармачылык көргөзмө менен жыйынтыкталып, улуттук мурастын маданий касиети чагылдырылды.

КМТУ жетекчилиги мындай форматтагы иш-чаралар жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, улуттук маданий мурастарга болгон кызыгуусун арттырууда чоң роль ойнорун белгиледи.
(БК)






Комментарийлер