КММАНЫН СТУДЕНТИ СИАНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КОНГРЕССТЕ БАЙГЕ ЭЭСИ БОЛДУ

  • 20.07.2026
  • 0

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) 3-курсунун студенти Жылдыз Райканова Кытайда өткөн XIII Евразия балдар дарыгерлеринин конгрессинде жаш окумуштуулардын сынагынын байге ээси болду.

Бул эл аралык масштабдуу иш-чара 2026-жылдын 3–5-июль күндөрү Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында болуп өттү. Конгресс дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген алдыңкы адистерди, окумуштууларды жана жаш изилдөөчүлөрдү бириктирип, педиатрия тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана балдардын ден соолугун сактоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча маанилүү аянтчага айланды.

КММАнын студенти Жылдыз Райканова илимий изилдөөсү менен өзгөчөлөнүп, сынактын жыйынтыгында атайын диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду. Ардактуу сыйлыкты ага Сиань шаарындагы Мээ ооруларын салттуу кытай медицинасы менен дарылоочу оорукананын директору, профессор Сун Хуцзе, Евразия балдар дарыгерлер федерациясынын президенти, Федерациянын 8ден ашуун өлкөдөн келген вице-президенттери салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Жаш изилдөөчүнүн бул жетишкендиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында квалификациялуу жаш адистерди даярдоонун жогорку деңгээлин жана ата мекендик жогорку окуу жайдын эл аралык илимий чөйрөдөгү татыктуу ордун дагы бир жолу далилдеди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер