КММА ДА АРЫКТАТУУЧУ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖАСАЛУУДА

  • 12.09.2023
  • 0

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунда бариатриялык операциялар, тактап айтканда, семирүүнү дарылоо боюнча операциялар жасалууда.

КММА ДА АРЫКТАТУУЧУ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖАСАЛУУДА

Аталган операциянын натыйжасында ашказандын бир бөлүгү алынып салынат. Мындан улам тамак-ашка болгон керектөө олуттуу кыскарат. Узак мөөнөттүү жана туруктуу арыктоону камсыз кылган жалгыз ыкма болгондуктан, «Арыктоо хирургиясы» деп да аталат.

Белгилей кетсек, хирург Канат Оморов жана КММАнын медициналык борборунун дарыгерлер тобу мындай операцияларды эки жылдан бери ашыкча салмактуулук менен ооруган бейтаптарга жасап келишет.

КММА ДА АРЫКТАТУУЧУ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖАСАЛУУДА

(Төмөндөгү сүрөттө 38 жаштагы бейтап. Анын салмагы 100 килограммдан ашык болгон. Операциядан кийин 60 кг түшкөн. )

Дарыгердин айтымында, кээ бир учурларда калорияны эсептөө, туура тамактануу менен көнүгүү жасоо ашыкча салмак маселесин чечпейт, өтө семирип кеткендерге хирургдар гана жардам бере алат. Бариатриялык хирургия ашыкча салмактан гана эмес, гипертония, 2-типтеги кант диабети, апноэ, гепатоз, муун оорулары сыяктуу көптөгөн ооруларды айыктырууга мүмкүндүк берет.

Операция толук текшерүүдөн өткөндөн кийин каршы көрсөтмөлөр жок болсо гана жасалат. Жалпы анестезия астында ишке ашат, бир саатка созулат. Лапароскопиялык жол менен заманбап бир жолу колдонулуучу аспаптар аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, операциядан кийин денеде так калбайт.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер