«ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР» ПРОГРАММАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

  • 13.03.2026
  • 0

2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Алкыш» ыраазычылык сыйлыгы менен сыйланышты.

«ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР» ПРОГРАММАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Сыйлыктарды Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тапшырды. Ал «Өкмөттүк акселераторлор» программасына активдүү катышкан кызматкерлерге, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясын уюштурууга салым кошкон адистерге, ошондой эле балдардын укугун коргоо багытында иш алып барган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, «Өкмөттүк акселераторлор» программасы мамлекеттик башкаруу системасында реформаларды ылдамдатууга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган демилге болуп саналат. Программанын алкагында билим берүү тармагында да бир катар өзгөрүүлөр ишке ашырылууда.

Атап айтканда, башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке менчик мектептерди лицензиялоо талаптары жеңилдетилип, билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзүлгөн. Бул чаралар билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана ата-энелер менен окуучулар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө багытталган.

Сыйлык алган кызматкерлер бул багыттагы иштерди мындан ары да улантып, билим берүү тармагындагы реформаларды ишке ашырууга салым кошо берерин белгилешти.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер