«КЛИМАТТЫК КУТУЧА»

  • 11.12.2025
  • 0

Кыргызстан климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө глобалдык инструмент болгон «Климаттык кутучаны» колдонуу менен маанилүү кадам жасоодо.

«КЛИМАТТЫК КУТУЧА»

«КЛИМАТТЫК КУТУЧА»

Маалыматка таянсак, Бишкекте Агартуу  министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен уюштурган улуттук конференция өттү. Иш-чарада мугалимдер, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, климаттык темаларды мектеп программаларына кантип интеграциялоо керектигин талкуулашты. Климаттык билим берүү жаш муунду өзгөрүп жаткан климат шартында жашоого даярдоонун негизги куралы катары таанылды.

«КЛИМАТТЫК КУТУЧА»

«КЛИМАТТЫК КУТУЧА»

Климаттык кутуча – БУУӨП тарабынан иштелип чыккан интерактивдүү материалдар жана тапшырмалар топтому. Ал климаттык темаларды мектеп программаларына киргизүүгө жана балдарда туруктуу өнүгүү көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берет.

 

2014-жылы Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө пилоттук долбоор катары башталган «Климаттык кутуча» өзүнүн натыйжалуулугун далилдеп, бүгүн кеңейтилген форматта ишке ашууда: санариптик чечимдер, инклюзивдүү версиялар жана жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу менен. Кыргызстан бул инструментти майыптыгы бар балдар үчүн адаптациялаган биринчи өлкө болуп калды, анын ичинде «Easy-to-Read» жана Брайль шрифти менен версиялары бар.

Долбоор россиялык Трасттык фонду тарабынан колдоого алынган.

UNICEF Kyrgyzstan, UNITAR жана БУУӨП 2026–2030-жылдарга карата климаттык билим берүүнү өнүктүрүү жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу программасын иштеп чыгууга да колдоо көрсөтүштү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер