КИТЕПТИН ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРҮН ДА КОЛДОНУУГА БОЛОТ
- 07.09.2023
- 0
“Учкун” басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китеби басылып чыгып, кыска убакыт аралыгында мектептерге жеткириле баштайт. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Султаналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Министрликтин жооптуу адистери катышкан жыйында учурда коомчулук арасындагы кызуу жүрүп жаткан окуу китептери тууралуу орчундуу сөз болду. Министрдин орун басарынын айтымында, китеп көйгөйү быйыл эле чыга калган жок, бул көп жылдан бери эле келаткан маселе.
— Кырдаалга саресеп салып көрсөк, бул кечээ эле чыга калган көйгөй эмес. Аны жараткан негизги жагдайлар – окуу китептеринин көпчүлүгү эбак эскирип, жарактан чыгып калгандыгы, демографиялык өсүшү жана буга чейин китеп чыгарууга бюджеттен акча толук бөлүнбөй келгени негиз болуп келген. Быйыл окуу китептерин басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнсө, 172 млн сом китептин ижарасынан түшкөн. Демек, каржылоодон маселе болбойт. Учкун 136 миң 320 нуска китеп басылып чыкты. Эртеңден баштап мектептерге жеткириле баштайт, — дейт.
Маалыматка ылайык, китептердин баары “Учкун” акционердик коомунда басылып чыгат. 2018-жылдан баштап китептердин баарын жеке менчик типографиялар басып чыгарып келген. Ошондон бери китеп чыгаруу ишине көзөмөл тиешелүү деңгээлде жүрбөй, кырдаал колдон чыгып кеткендигинен мына ушундай кырдаал түзүлүп олтурат.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматовдун айтымында, учурда жетишпей жаткан окуу китептери 30 пайызды түзөт. Айрыкча башталгыч класстарда, анын ичинде, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде китеп тартыштыгы көп катталып жатат. Башталгыч класстар боюнча китептер 4-5 жылдан бери массалык түрдө басылып чыга элек. Булардын предметтик стандарттары жаңы бекигендиктен, авторлордун баарын кайра аныктап, кайрадан мурунку китептерди жаңы стандарттарга ылайыкташтырып жаңыртып, экспертизадан өткөрүп, басууга даярдоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилеген Кыялбек Камутович, китеп даярдоо процессине түшүнүү менен мамиле жасоону суранып өттү.
— Быйылкы окуу жылында 1-4-класстан толугу менен камсыздоо алдында турабыз. Ал эми 5-6-класстардын китептери анчалык критикалык абалда эмес, баардыгы басылып мектептерге жеткирилген, абалы да жакшы. 7-8-класстар үчүн адам жана коом, диндердин өнүгүү тарыхы, англис тили китептери басылуу алдында турат, алар дагы 2-3 айдын ичинде жеткирилет.
Китеп даярдоо процесси көп убакытты талап кылган абдан татаал жана узак процесс: авторду аныктоо, конкурс жарыялоо, китептерди даярдоо, китептерди кайрадан карап чыгуу, экспертизадан өткөрүү, апробациядан өткөрүү, мазмунуна анализ жүргүзүү, талдоо, андан кийин техникалык жактан жасалгалоо жана басып чыгаруу сыяктуу эң татаал иштерди аткаруу талап кылынат.
Учурда бир топ китептер бул процесстерден өткөн, аны басып чыгарууга мамлекет каражат бөлүп жатат. Азыр болушунча тынымсыз, тез темп менен иш жүргүзүлүп жатат. Ошого карабай, 100% камсыз болот деп айта албайбыз, айрым китептер жаңы стандарттардын негизинде али даярдоо процессинде, себеби бир окуу китеби беш жылга гана жарактуу деп эсептелет. Предметтик стандарт ар бир беш жыл сайын жаңыланып турушу керек” – дейт К.Акматов.
Ал учурда базардагы сатылып жаткан китептер акчанын тартыштыгынан сатылып же министрлик жең алдынан чыгарып жатат деген кеп такыр туура эместигин, алардын баары пираттык жол менен 3-4 жыл басылбай калган китептердин көчүрмөлөрүн алып чыгып жатышканын кошумчалады.
Китеп тартыштыгына байланышкан маселе жыл аягына чейин чечилип, мектептер тиешелүү китептер менен камсыз болушу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгилеген министрликтин адистеринин айтымында, министрликтин укугу бар китептердин баарынын электрондук варианты ПДФ форматында өткөрүлүп, министрликтин сайтында, андан тышкары лит.кж, китеп.кж сайттарында ачык турат. Тиешелүү маалыматтар ата-энелердин, райондук-шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн тайпаларына жөнөтүлгөн. Андыктан мүмкүнчүлүгү барлар көчүрүп алып, электрондук вариантын колдонсо болот.
Айнагүл Кашыбаева,
«Кут Билим»
Комментарийлер