КЭУда ТИЛЧИЛЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КУРСУ ӨТТҮ
- 31.10.2017
- 0
23-24-октябрда Кыргыз экономикалык университетинин Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын уюштуруусу менен “Когнитивдик лингвистика жана окутуунун ыкмалары” деген темада эл аралык дэӊгээлдеги дасыгын жогорулатуу курсу өткөрүлдү.
Россия Федерациясынынын Санкт-Петербург Илимдер Академиясынынын корреспондент-мүчөсү, филология илиминин доктору, профессор Марина Владимировна Пименова жана А.С.Пушкин атындагы Чет тилдер институтунун доценти Инга Игорьевна Акимовалар келип, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун жана башка ЖОЖдордун кыргыз, орус, чет тилинен берген окутуучулук курамына дасыгын жогорулатуу курсун окуп, өздөрүнүн ой-пикирлерин жана дүйнөлүк баалуу илимий көз караштары менен бөлүшүштү.
Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктын туу чокусу болуп эсептелген “Манас” эпосу менен салыштыруу иретинде көптөгөн ойлорун айтып, кээ бир окумуштуулар үчүн актуалдуу маселенин жолун көрсөттү десек жаңылышпайбыз.
Н.Ж.Жапаралиева, КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент
Комментарийлер