КЭУ “ЭНЕ ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВ” ҮЧ АЙЛЫГЫНДА АЛДЫДА

  • 06.02.2019
  • 0

Кыргыз экономикалык университети КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгына мыкты даярдангандыгы үчүн комиссиянын атайын белегине татыды.

КЭУ “ЭНЕ ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВ” ҮЧ АЙЛЫГЫНДА АЛДЫДА

Бул үч айлыктын алкагында КЭУ заманыбыздын залкар сүрөткери Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Аалам алпы Айтматов» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөргөн. Ага залкар жазуучунун карындашы Роза Айтматова, бир катар академиктер, саясий, коомдук ишмерлер жана маданият кызматкерлери катышкан. Анда алгач окуу жайдын ректору Камчыбек Төлөбеков залкар жазуучунун чыгармаларынан алган таасирлери, жолуккандыгы тууралуу кызыктуу учурлардан айтып берген. Андан соӊ Роза Айтматова атасы Төрөкул Айтматовду, апасы Нагима Хамзаевнаны эскерип, агасы Чыӊгыздын бала чагы, тарыхый доор, согуш учурундагы жазуучунун өмүрү, үй-бүлөгө түшкөн мүшкүл, кыйын кырдаалдар жөнүндө баяндаган. Атүгүл, Айтматовдордун кыйынчылык заманда жалгыз уюн уурдап кеткенде, Чыңгыздын мылтык алып, атам дегенге чейин барганын, аны айылдан бир аксакал токтотуп калганын айтып берген. “Эгерде, чындап эле атып салса Чынгыз Төрөкуловичтин тагдыры эмне болмок”, — деп Роза Төрөкуловнанын кабатырланган. Бирок, Чыңгыз Айтматовдун маңдайына ааламды батырып ала тургандай жазуу жазылган экендигин, алакандай кыргызды ааламга тааныткан Ч.Айтматовдун элеси, ар бир чыгармасы өлбөс-өчпөс болуп калары шексиз экендигин баса белгилеген карындашы сөзүнүн аягында жаштарга кайрылып, аларды билимдүү, илимдүү болууга үндөгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер