КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУНА БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ
- 28.11.2024
- 0
27-ноябрда министрдин орун басары Расул Абазбек уулу республиканын кесиптик лицейлеринин директорлору менен онлайн жыйын өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө бир канча маселелер талкууланды жана тапшырмалар берилди.
Жыйында окуу жайларынын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Айтылган маалымат боюнча бүгүнкү күндө башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына көмүр жеткирүү 87% (2501 тонна) аткарылган. Бардык пландаштырылган көмүрдү окуу жайларга жеткирүү 3041 тоннаны түзөт.
Министрдин орун басары көмүр даярдоо планын 2024-жылдын декабрына чейин аткарууну тапшырды.
Расул Абазбек уулу директорлорго көмүрдүн өз убагында жеткирилишин көзөмөлгө алуу; инженердик-педагогикалык кызматкерлердин жана окуучулардын маалыматтарын https://mugalim.edu.gov.kg/ сайтында, ошондой эле кыска мөөнөттүү окуу курстары боюнча маалыматтарды https://kesip.edu.gov.kg/ сайтында толтурууну камсыз кылуу; дуалдык окутуу боюнча программаларга анализ жүргүзүү; WorldSkills жумушчу кесиптеринин экинчи чемпионатына даярдыкты баштоо тапшырмаларын берди.
Ошондой эле министрдин орун басары окуу жайларындагы эмгек жана аткаруучулук тартипти күчөтүүнү тапшырды.
Комментарийлер