КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА ПРИНЦИПТЕРИН КИРГИЗҮҮ КҮЧӨТҮЛӨТ

  • 12.03.2026
  • 0

2026-жылдын 11-мартында Республикалык илимий-методикалык борбордо Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Ага башкармалыктын башчысы Айнура Кусеинова жана өлкөдөгү кесиптик лицейлердин директорлорунун орун басарлары катышты.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА ПРИНЦИПТЕРИН КИРГИЗҮҮ КҮЧӨТҮЛӨТ

Жыйында окуу программаларына жашыл көндүмдөрдү киргизүүнүн мааниси жана анын актуалдуулугу талкууланды. Азия өнүктүрүү банкынын эксперти Максат Абдигапаров билим берүү процессинде жаратылышты коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, экологиялык багыттагы билимдер теориялык сабактарда гана эмес, окуучулардын практикалык даярдыгында да кеңири колдонулушу керек.

Кеңешменин жүрүшүндө директорлордун орун басарлары башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында кесиптердин тармактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жашыл экономика принциптерин киргизүү, ошондой эле таштандыларды азайтуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилешти. Мындай аракеттер кесиптик лицейлердин окуучуларында заманбап экологиялык компетенцияларды калыптандырууга шарт түзөрү айтылды.

Жыйында сөз сүйлөгөн башкармалыктын башчысы Айнура Кусеинова окуучулар менен долбоордук иштерди уюштурууну күчөтүүнү сунуштады. Ошондой эле Республикалык илимий-методикалык борбор менен биргеликте экологиялык көндүмдөрдү билим берүү программаларына системдүү киргизүү боюнча жаңы механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин соңунда катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, билим берүү процессине жашыл ыкмаларды киргизүүнүн мыкты практикаларын талкуулашты. Жолугушуу башталгыч кесиптик билим берүү системасында экологиялык жактан сабаттуу адистерди даярдоо маселесинде конструктивдүү диалог жүргүзүүгө жана жаңы демилгелерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.

Нурлан Кыдыков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер