“КЕСИПКӨЙ, НАРКТУУ, ЖАРАН – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ” сабагын өтүүгө методикалык сунуштама (1-сентябрь “Билим күнүнө” карата)

  • 21.08.2023
  • 0

“КЕСИПКӨЙ, НАРКТУУ,  ЖАРАН – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ” сабагын өтүүгө методикалык сунуштама (1-сентябрь “Билим күнүнө” карата)

(1-сентябрь “Билим күнүнө” карата)

Өлкөбүздүн булун-бурчундагы жүзгө чукул башталгыч кесиптик билим берүүчү окуу жайлары ар түрдүү кесипке кабыл алууну аяктап калган учур. Ал лицейлерден алгачкы кесипке үйрөнүп, келечекке жол тартайын деген биздин жаш улан-кыздардын биринчи сабагы албетте, “Билим күнүнө” арналат. 1-сентябрь “Билим күнүнө” карата 10-11-класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Нарктуу кыргыз жараны- өлкөнүн келечеги” жана “Туура кесипти тандаганың- келечекке жол салганың” темалары сунушталган. Нарктуу кыргыз жараны концепти менен кесипкөй жаранды даярдоо максаттары органикалык шайкеш. Ошондуктан, кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын ишмердүүлүк багытына жараша, сунушталган эки теманы бириктирип, кесиптик билим берүүчү лицейлердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен төмөнкү сабакты сунуштайм.

Кесиптик билим берүүчү окуу жайларында билим күнү.

1-сентябрь 2023 жыл.

Сабактын темасы —    “Кесипкөй, нарктуу,  жаран – өлкөнүн келечеги”

Сабактын максаты:

  • билим берүү — нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, абийирдүүлүк жана кесипкөйлүк түшүнүктөрүн ачып берүү;
  • тарбия берүү — наркты ыйык туткан, элин-жерин сүйгөн “Кыргыз жаранын”- мыкты устаны, кесипкөй адистин жагымдуу образын жаратуу;
  • өнүктүрүү — Кыргызстаныбыздын келечеги нарктуу , кесипкөй “Кыргыз жаранынын” колунда жана бул сыймыктуу таберик деген түшүнүктү калыптандыруу

Сабактын жабдылышы: өлкөнүн символикалары чагылдырылган стенддер, видеоматериалдар, анонимдүү анкеталар.

Сабактын жүрүшү:

  1. Кыргыз Республикасынын гимни аткарылат
  2. Мугалим аудиторияга төмөнкү суроолор менен кайрылат (проблемалык ой –жүгүртүү методун колдонсо болот):
  • Татыктуу жаран болуу үчүн кесипкөйлүк гана жетиштүүбү?
  • Кыргызстандын жараны үчүн ар-намыстын, элин-жерин сүйүүнүн, мекенчилдиктин, абийирдин, жоопкерчиликтин ролу канчалык? Эскертүү: суроолор башкача түзүлүшү да мүмкүн, бирок нарк концепти менен кесипкөйлүктүн байланышы ачылууга тийиш.
  1. Анкета жүргүзүү тигил же бул маселе боюнча маалымат чогултуунун бирден-бир инструменти катары колдонулат. Бул анкета аркылуу кабыл алган студенттер менен кандай проблеманын үстүндө иштейбиз, ачык көрүнүп калат. Эн негизгиси, жарандык маселедеги көйгөйлөрдү ачыктасак болот. Анкета анонимдүү өткөрүлүшү зарыл.
  2. Студенттерге блиц-анкетаны өткөрүү (5-8мин)
  3. Анкетанын суроолору:
  4. Жашыныз а) 16 б) 17   в) 18
  5. Жынысыныз аял/эркек
  6. Улутунуз______________
  7. Сиздин оюнузча, ким Кыргызстандын жараны боло алат?

а) төрөлгөндө эле

б) паспорт алганда

в) Кыргызстанда жашаган

г) сиздин вариантыңыз

  1. Өзүнүздү Кыргыз жараны катары эсептей аласызбы?

а) ооба, толук эсептейм

б) конок катары сезем

в) жок, такыр эсептебейм

г) сиздин вариант

  1. Кыргызстан менен сыймыктанасызбы?

    а) ооба, сыймыктанам

б) кээде гана

в) жок, уялам

г) сиздин вариант

  1. Эмне үчүн бул кесипти тандадым

а) өзүмдүн каалоом

б) ата-энемдин каалоосу

в) ЖОЖ өтпөй калып

г) сиздин вариант

  1. Кесиптин ээси болгондон кийин Кыргызстанда калып иштейсизби?

а) ооба, Кыргызстандан кетпейм

б) жок, Кыргызстанда калбайм

в) Кыргызстанда кесибим боюнча жакшы жумуш болсо өз жеримде эле калам

г) сиздин вариант

  1. Анкетанын жыйынтыгын чыгаруу 5-7 мин.

Анкеталардын жыйынтыгын чыгаруу үчүн ментиметр (Mentimeter) платформасын сунуштайм, бул аудитория менен түз байланышууга өтө ыңгайлуу, дароо жыйынтыгын диаграмма түрүндө алса болот, эскерте кете турган нерсе, платформа англис тилинде, бирок суроолорду кыргыз жана орус тилдеринде берсеңиздер болот.

Ал эми кагаз вариантында болсо сабактын аягында анкетанын жыйынтыгын чыгарабыз.

 

  1. Анкетанын жыйынтыгын чыгаргандан кийин студенттерге “Кесипкөй, нарктуу жаран- өлкөнүн келечеги “ аттуу презентация сунушталат
  • Жиберилген документте Power Point форматында слайд толугу менен берилген(16 слайд)

Жыйынтыктаар алдында сабактын башында коюлган проблемалуу суроого кайрылып, студенттердин оюу өзгөрдүбү, кандай өзгөрдү ж.б. билүү зарыл. Мындан канчалык деңгээлде сабак максатына жеткендигин мониторинг кылса болот.

  • Татыктуу жаран болуу үчүн кесипкөйлүк гана жетиштүүбү?

Кыргызстандын жараны үчүн ар-намыстын, элин-жерин сүйүүнүн, мекенчилдиктин, абийирдин, жоопкерчиликтин ролу канчалык?

  1. Кыргызстандын келечеги абийирдүү, нарктуу, өз ишинин мыкты билген кесипкөйлөрдүн колунда экендигин баса белгилөө. Кыргызстанды өнүктүрүү, аны көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин гана милдет. Кыргызстан “Кыргыз жараны” үчүн гана ыйык, биз башка жакка кетсек дагы, кайрылып келээр жерибиз ушул, башка жактан бактыбызды тапсак да, ата-бабабыз мурастап кеткен, бабаларыбыздын сөөгү жаткан жер ушул, биз кай жерде болбойлу, биздин мекенибиз — Кыргызстан. Аны коргоо, аяр мамиле кылуу, сүйүү, аздектөө, өнүктүрүү биздин милдет. Ал эми өз кезегинде мамлекетик органдар ар бир жаран коопсуз, ынгайлуу шартта жашап, татыктуу эмгектенүүсүн камсыздоосу зарыл.
  2. Сабакты “Алга, Кыргызстан!” (Азиз Батыровдун ыры) менен аяктоо
  3. Колдонулган адабияттар:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

-Сулайман Рысбаев. Кыргыздын элдик нарктуу түшүнүктөрү. -Бишкек, 2019;

-Кыргыздар. –Бишкек, 2022.

-Иманалиев К.К. Кыргыз-наме. -Бишкек, 2021.

-Маалымат портал  super. KG, https://www.super.kg/

-Маалымат портал salary.ru https://salary-index.ru/

-“IDEA” коомдук фондунун изилдөө долбоору https://ideaca.today/en/article/kesip-tandoo

-Сүрөттөр интернет булактарынан алынды.

Ишекеева Элеонора Жумабековна,

Бишкек шаарындагы №5 КЛнин тарых мугалими,

“Билим берүүнүн отличниги”.

Кесипкөй, нарктуу, жаран -Презентация

Бөлүшүү

Комментарийлер