“КЕЛЕЧЕК MIT” ЗАМАН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК БИЛИМ БЕРЕТ

  • 10.04.2023
  • 0

 “КЕЛЕЧЕК MIT” ЗАМАН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК БИЛИМ БЕРЕТ

Жылдан-жылга заман өнүгүп, заман менен кошо коом да өзгөрүлүп, күн сайын жаңы нерселер пайда болууда. Албетте, мунун баары билим илимдин өнүгүп жатканынан десек болот. Көпчүлүк ата-энелер балдарын жакшы мектептерде окутуп, билимдүү болушун каалайт. Кыргызстанда мамлекеттик мектептер менен бирге жеке мектептердин саны да арбып бара жатат. Ушундай менчик мектептердин бири биз алдыда сөз кыла турчу “Келечек MIT” мектеби.

IT ТАРМАГЫНА БАСЫМ ЖАСАП ОКУТАТ

“Келечек MIT” мектеби математика жана IT тармагына басым жасап окуткан менчик мектеп. Башталгыч класстан 11-класска чейинки балдар билим алат. Англис тили сабагы Oxford Thinkers Series, Solutions Series программалары менен тереңдетилип окутулат. Окуучуларды TOEFL, ЖРТ жана SAT тесттерине эффективдүү даярдашат. Программалоо тилдерин жана робототехниканы колдоно билүүнү үйрөтүүчү замандын талабына ылайык сабактар өтүлөт. Окуучуларга үч маал тамак-аш берилет. Мектепте 15 ке жакын бекер ийримдер да бар. Алар: сүрөт тартуу, актёрдук чеберчилик, шахмат, бий, гимнастика, кичинекейлер үчүн балет, каратэ, таэквондо, футбол ж.б. ийримдер. Мектеп убактысы 8.00дөн 17.00гө чейин. Бир класстагы окуучулардын саны 22ге чейин жетет.

ЭҢ ТАЖРЫЙБАЛУУ МУГАЛИМДЕР САБАК БЕРЕТ

“Келечек MIT” мектебинин директору Айбек Джолбунов мектепте эң тажрыйбалуу мугалимдер сабак берерин билдирди.

Биздин мектеп союз убагынан бери эле иштеп келе жатат. Жеке менчик болуп иштеп жатканына 30 жылдын жүзү болду. Андан бери көптөгөн окуучуларды окутуп бүтүрдүк. Жылдан-жылга окутуу методикаларын күчтөнтүп, заман талабына ылайык билим берип келебиз. Мугалимдерибиз 10,20 жылдык эмгек стажы бар тажрыйбалуу адистер. Жаңы мугалимдерди окутуу методикасына, билим деңгээлинин күчтүүлүгүнө карап тандап алабыз. Мектепте негизинен математика жана IT тармагына басым жасалгандыктан, бизде окугусу келген окуучулардын логикасына, ой-жүгүртүүсүнө карап кабыл алабыз. 1-класстан 11-класска чейин жалпы информатика кружогу өтүлөт. Жылына орто эсеп менен 450 окуучу окутабыз. Балдарыбызды окутат элек деп кайрылгандар көп. Бирок тилекке каршы, орундар чектелүү болгондуктан, ченелүү гана окуучуларды кабыл алабыз. Биздин мектепти бүткөн окуучулардын көбү учурда чет мамлекеттерде окуп, иштеп жүрөт. Жыл сайын мектепти керектүү жабдыктар менен толуктап, окуучуларыбызга заманбап технологиялар менен билим бергенге аракет кылабыз, — дейт директор.

“КЕЛЕЧЕК MIT” ЗАМАН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК БИЛИМ БЕРЕТ

АТААНДАШТЫК КӨБӨЙСӨ, БААЛАР АРЗАНДАЙТ

Өлкөбүздөгү жеке менчик мектептердин саны жылдан-жылга көбөйүп баратканы жакшы көрүнүш. Себеби бардык эле жерде атаандаштык жаралса, шарттар жакшырып, баалар арзандайт эмеспи. Жеке мектепке балдарын окутуу ар бир ата-эненин чөнтөгүнө туура келе бербейт. Анткен менен жылдан-жылга балдарын ушундай мектептерге окууга берген ата-энелердин саны өсүүдө. Ал жакта окутуунун баасы кыйла жогору болгону менен, заман талабына ылайык иштелип чыккан программалар, заманбап технологиялар, окуучулар үчүн пайдалуу ийримдер, окутуунун бардык шарттары камсыздалган. Эл аралык жогорку окуу-жайларга эшик ачуучу тесттерге даярдоо, чет тилдерге жана IT тармагына басым жасап окутуу, өз кезегинде балага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Жаңы ачылган жеке мектептер ушундай жаңы, мыкты шарттарды түзүп турса, көпчүлүк ата-энелер баласынын келечеги үчүн деп акчасына карабай жеке менчик мектептерге беришери анык.

БАЛАГА ЖУМШАГАН ИНВЕСТИЦИЯ ЭҢ НАТЫЙЖАЛУУ

Баласын жеке менчик мектепке окутуп жаткан шаар тургуну Жылдыз Назарбекова жеке мектептин мамлекеттик мектептен айырмасы чоң экенин баса белгиледи.

Балам 1-класстан 4-класска чейин Бишкектеги мамлекеттик мектептердин биринде окуду. Кийин тааныштарымдан менчик мектептер жакшы окутат экен, шарттары дагы жакшы деп угуп, “Келечек МIТ” мектебине киргизгем. Азыр кадимкидей билими жогорулады. Англис тилин жакшы өздөштүрүп келатат. IT тармагына кызыгуусу артып, аны дагы мыкты өздөштүрүп, программист болом деп кыялданып жатат. Албетте, ар бир эле ата-эне балдарынын жакшы жерде окуп, билимдүү болушун каалайт да. Мамлекеттик мектептерди жаман дебейм, болгону ал жакта окуучулар көп, мугалим ар бир окуучуга физикалык жактан көңүл буруп жетишпейт. А бул жактан ар бир окуучуга көңүл буруп, жакшы маани берип окутушат. Анан сөзсүз түрдө заманбап шарттары менен айырмаланат. Адамдын эң натыйжалуу инвестициясы бул балдарына болгон инвестиция деп эсептейм. Балдар биздин келечек. Ошондуктан окуу баасы кымбат болсо дагы баламдын келечеги үчүн колумдан келишинче жакшы билим алышына аракет кылып жатам, — дейт.

Ал эми ушул мектепте билим алып жаткан 7-класстын окуучусу Эрлан сабактар абдан кызыктуу өтүлөрүн айтат.

Мен бул мектепте окуп жатканыма сыймыктанам. Анткени бизди эң сонун эже-агайлар окутат жана сабактар абдан кызыктуу өтүлөт. Математика жана англис тили сабактары жагат. Сабактан сырткары ар кандай ийримдерге катышабыз. Спорттук оюндарды ойнойбуз. Мектебибизде ар дайым кызыктуу иш-чаралар, конкурстар өткөрүлүп турат. Ар бир өткөргөн убактыбыз пайдалуу. Телефон кармап, интернетке киргенге деле убактыбыз болбойт. Келечекте жаңы робототехникаларды ойлоп таап, жаңы ачылыштарды жасагым келет, — дейт.

“КЕЛЕЧЕК MIT” ЗАМАН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК БИЛИМ БЕРЕТ

Бөлүшүү

Комментарийлер