КЕЧКИ ЖАНА СЫРТТАН ОКУТКАН МЕКТЕПТЕРДИ АЧУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

  • 24.07.2024
  • 0

Жарым жылдыктагы аткарылган иштер тууралуу отчеттук басма сөз жыйында  Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева кечки жана сырттан окуткан мектептерин ачууга жол берилбесин айтты.

КЕЧКИ ЖАНА СЫРТТАН ОКУТКАН МЕКТЕПТЕРДИ АЧУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

 

— Эмне үчүн онлайн мектеп? Себеби миграциядагы мекендештерибиз балдары кыргыз тилинде билим алганга кызыкдар. Экинчиден, үйдө отурган ден соолугу чектелген балдар үчүн ж.б.у.с. ыңгайлуу шарт. Эң башкысы коррупцияга жол берилбейт. Андыктан “Электрондук мектепти” түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты.

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамын ишке ашыруу максатында, окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн баалоону жана аналитиканы автоматташтыруу менен алектене турган билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментин түзүү жөнүндө жобо иштелип чыкты, — деди министр.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер