КАЗАКСТАНДЫН ЖОЖдоруна КАБЫЛ АЛУУ УЗАРТЫЛДЫ

  • 27.05.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында сынактык тандоо жарыялайт.

Казакстан Республикасы 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасынын жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарында, магистр жана резидентура программалары боюнча окутуу үчүн 50 (элүү) орун бөлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына бул орундар билим берүү багыттары боюнча төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:

  • “маалыматтык-коммуникациялык технологиялар”, “инженердик, иштетүүчү жана социалдык тармактар”, “айыл чарба жана биоресурстар” -15 орун (бакалавр – 10, магистратура – 5);
  • “саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо (медицина)”, “медициналык билим берүүнү үзгүлтүксүз интеграциялоо программасы” (окуу мөөнөтү 6 жыл ) жана резидентура (окуу мөөнөтү 5 жылга чейин) – 5 орун;
  • “педагогикалык илимдер”, “искусство жана гуманитардык илимдер”, “коомдук илимдер, журналистика жана маалымат”, “бизнес, башкаруу жана укук” — 10 орун (бакалавр – 5, магистратура – 5);

Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган казак улутундагыларга:

  • “маалыматтык-коммуникациялык технологиялар”, “инженердик, иштетүүчү жана социалдык тармактар”, “айыл чарба жана биоресурстар”, “педагогикалык илимдер”, “искусство жана гуманитардык илимдер”, “коомдук илимдер, журналистика жана маалымат”, “бизнес, башкаруу жана укук” — 20 орунга чейин (бакалавр – 10, магистратура – 10).
  1. Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу:

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү керектүү документтерди тапшырып, http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасында (“2022-2023-окуу жылына Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу”  бөлүмү, “_____” программасы) катталып, зарыл болгон жерди толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 2022-жылдын 6-июну саат 23:59га чейин жүктөө зарыл.

  1. Казакстан Республикасынын Жогорку окуу жайларында окууга талапкердин арызы (форма тиркелет);
  2. Кыргыз жана орус тилдериндеги актуалдуу резюме;
  3. Өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (чет өлкөгө чыгуучу паспорт);
  4. Мурунку билим деңгээли тууралуу документтин көчүрмөсү. Эгерде талапкер дагы деле окуп жаткан болсо, сөзсүз түрдө орточо балл чыгарылган табель/транскрипт;
  5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ыйгарым укуктуу органы тарабынан чет өлкөгө окууга чыгуу үчүн берилген медициналык маалымкат;
  6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ыйгарым укуктуу органы тарабынан адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ — инфекция) жана СПИДдин жоктугун тастыктаган медициналык маалымкат;
  7. Орус же англис тилинде мотивациялык эссе;
  8. Орус же англис тилинде сунуштама кат;
  9. Соттолбогондугу боюнча аныктама;
  10. Үй-бүлө курамы жөнүндө аныктама;

Системадагы ар бир окуу программасы үчүн каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине ылайык жүргүзүлөт (бакалавр, магистратура, резидентура).

Эскертүү: Казакстан тараптын талаптарына ылайык, бакалавр программасы боюнча аттестаттын же негизги орто билим жөнүндө күбөлүктүн жетишкендиктеринин орточо упайы «В» баллынан кем эместиги (учурдагы 5 (беш) балдык баалоо системасында «4» баллынан кем эмес) эске алынат;

Магистратура жана резидентура программалары боюнча бакалавр же адистик даражасынын орточо жетишүүсү (GPA) 3.3 баллынан кем эмес (4.0) же билим берүү мекемелеринде алган эквиваленти эске алынат.

Көңүл буруңуздар: документтердин толук эмес токтомун камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө жокко чыгарылат!

  1. Техникалык текшерүү

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин (2022-жылдын 6-июну саат 23:59) бардык келип түшкөн арыздар талаптарга жооп бергендиги жана керектүү документтердин бардыгы текшерилет.

Өз убагында онлайн системага ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен бардык керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет.

  1. Конкурстук тандоо

Конкурстук тандоо Кыргызстан тараптан жүзөөгө ашырылат. Конкурстук тандоону өткөрүү үчүн ЖОЖдордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомчулуктун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген тандоо комиссиясы түзүлөт.

Бакалавр, магистратура жана резидентура программаларына конкурстук тандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

  1. «Бакалавр» программалары боюнча билим алуу үчүн:

— талапкерлер берген документтердин негизинде жетишүүнүн көрсөткүчтөрү боюнча тандоо;

— компьютердик тестирлөө.

Эскертүү: «Бакалавр» программасы боюнча сынактык тестирлөөгө катышууну каалаган талапкерлер тандаган багытына жараша тестирлөөдөн өткөрүлөт:

— гуманитардык адистиктер — «Кыргызстандын тарыхы» жана «Адам жана коом» предметтери боюнча;

— техникалык адистиктерге — “Математика” жана “Физика” предметтери боюнча;

— медициналык адистиктерге — «Химия» жана «Биология”.

  1. «Магистратура» жана «Резидентура»программалары боюнча билим алуу үчүн:

— маектешүү;

Көңүл буруңуз, алдын-ала тандоо этабына, башкача айтканда, компьютердик тестирлөөгө жана маектешүүгө катышуу үчүн талапкерлердин жеке катышуусу талап кылынат.

Болжолдуу түрдө компьютердик тестирлөө жана маектешүү 2022-жылдын 9-июнунан 10-июнуна чейин жүргүзүлөт. Онлайн системасына ийгиликтүү катталган (student.edu.gov.kg) жана техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн күнү жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.

Эгерде талапкер жүйөлүү, объективдүү себептер боюнча тандоонун күндүзгү этабын өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, тандоо комиссиясы бул этаптардан онлайн режимде өтүү мүмкүнчүлүгүн карай алат. Бул үчүн талапкер тандоо комиссиясынын төрагасынын атына онлайн форматта маектешүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтүнүчү менен алдын-ала арыз менен кайрылуусу керек.

Маанилүү! Тандоо жана апелляциялык комиссиялардын ишинде объективдүүлүктү жана ички пайдаланууну камсыз кылуу максатында, конкурстук сыноолорду өткөрүү учурунда сүрөт жана видеосьёмка жүргүзүлөт. Бул конкурсанттарга же башка адамдарга, анын ичинде алардын туугандарына да берилбейт.

  1. Сунушталган талапкерлердин тизмесин казакстан тарапка жөнөтүү.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгынын негизинде сунушталган талапкерлердин тизмеси түзүлүп, андан соң 2022-жылдын 14-июнуна чейин акыркы чечим кабыл алуу укугу болгон казакстан тарапка жиберилет.

Маанилүү! Казакстан Республикасынын Жогорку окуу жайларына окууга жиберилген программанын талапкерлери менен үч тараптуу келишим түзүлөт. Анда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, талапкердин өзү жана анын өкүлү/кепилдиги (ата-энеси же жубайы) тараптар катары чыгат.

Аталган үч тараптуу келишим талапкерлердин программанын эрежелерин сактоого, өзүнүн жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды өз убагында берүүгө, ошондой эле окуу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө жана алган адистиги боюнча Кыргыз Республикасында кеминде эки жыл иштөөгө милдеттүүлүгүн карайт.

Конкурстук программага катышуу маселелери боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15.:00дөн 17:00гө чейин төмөндөгү телефондор аркылуу берилет: +996 (312) 625082, 621519, 620497.

Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду [email protected] электрондук почтасына жөнөтсө болот.

Баарыныздарга ийгилик каалайбыз!!!

Казакстан Республикасы 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасынын жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарында бакалавр, магистр жана резидентура программалары боюнча окутуу үчүн 50 (элүү) орун бөлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер