КАТУУ ШАМАЛ: БИШКЕКТЕ 11 МЕКТЕП ЖАНА 8 БАЛА БАКЧА ЖАБЫРКАДЫ
- 29.03.2024
- 0
28-мартта, Бишкете катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси, 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу муниципалитеттен «Кабар» маалымат агенттигине билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, көпчүлүк учурда чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган учурлар да бар.
Учурда кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.
Айта кетсек, мектеп окуучулары 2024-жылдын 1-апрелине чейин каникулда, бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.
Бөлүшүү
Комментарийлер