КАРА-КУЛЖАДА 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 30.08.2023
  • 0

Кара-Кулжа районунун Кооч-Чаты айылында заманбап 225 орундуу орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

КАРА-КУЛЖАДА 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Токтошев, райондун акими Дамир Кулубаев жана тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Аким Кулубаев жергиликтүү тургундарды, билим берүү кызматкерлерин жана мектеп окуучуларын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, ар бир жаңы ачылган билим уясы — мамлекет тарабынан билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган улуу жол экендигин белгиледи.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер