КАРА-КӨЛДӨ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
- 01.09.2025
- 0
Энергетиктер шаарынын Жазы-Кечүү айылында Туралы Темиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин заманбап жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Бул билим ордосу заманбап талаптарга жооп берген шарттары, кең класстары жана акыркы технологиялар менен жабдылган кабинеттер менен өзгөчөлөнөт.
— Жаңы билим жайынын курулушу — мамлекетибиздин келечек муунга жасаган камкордугунун, билим берүүгө болгон өзгөчө көңүлүнүн айкын далили. Эми жүздөгөн балдар жарык, жылуу жана ыңгайлуу мектепте билим алып, өз кыялдарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын башчысы Тилен Орозова.

Мектептин ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстанда ачылып жаткан 101 мекемеге онлайн куттуктоо сөз сүйлөдү. Жаңы мектептин ачылыш аземинде Кара-Көл шаарынын мэри Н.Орозбаев, Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Ч.Кимсанов, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира, айыл аксакалы Ажыканов Томош ата, Кыргыз Республикасынын баатыры Арыков Курманбек аталарыбыз чыгып сүйлөштү. Шаардык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук катышып, жаш муундарга ак жол каалашты. Алар бул жаңы билим ордосу билимдүү, ыймандуу жана мекенчил жаштарды тарбиялоого кызмат кылат деген изги тилектерин билдиришти.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер