КАНТКЕНДЕ БАЛДАРДЫН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛА АЛАБЫЗ…

  • 16.04.2020
  • 0

КАНТКЕНДЕ БАЛДАРДЫН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛА АЛАБЫЗ…

«Дүйшөмбүгө чейин аман бололу” тасмасынан кадр

Неликтен балдар өз өмүрүнө кол салууда?

Бул жашоодо баарынан кыйыны – жакын адамыңды жоготуу. Андан да кыйыны, андан да оору ата-эне үчүн өз баласынан айрылуу эмеспи.

Бир баланын өз өмүрүнө кол салуусу ата-энеси, жакындары, коомчулук үчүн трагедия болсо, 2013-жылы Кыргызстанда 125 бала өз жанын кыйган. Ар 3 күнгө жетпей бирден бала өз жанына кол салган. Бул көрсөткүч андан кийин төмөндөп, 2016-жылы 95, 2017-жылы 97, 2018-жылы 88 бала суицидге барды.[1] Бул көрсөткүч азбы?!. Бул ар төрт күнгө жетпей бирден бала өз каалоосу менен бул дүйнө менен кош айтышты дегендик.

Балдардын өз өмүрүн кыюусу неге мынчалык көп болуп жатат? Бактылуу балалыктын доорун сүрө турган кезде, алардын өз өмүрүнө кол салып жатышынын себептери эмнеде?

  1. Аракетинин акталбай калуусу, максатынын ишке ашпашы, натыйжада алдыга койгон максаты жок жашап калуу.
  2. Баалуулуктарынын кыйрашы, ал баалуулук деп карманып келген нерселердин башкалар, коомчулук тарабынан тебелениши.
  3. Алдыдагы туңгуюк, үмүтсүздүк, эч нерсе колунан келбей турган аргасыздык, алсыздык.
  4. Катуу стресске кабылуу.
  5. Терс эмоциялардын, терс энергиянын топтоло бериши жана терс көрүнүштөрдүн (негативдин) басымдуулук кылышы.
  6. Өзүнө өзүнүн жана башкалардын төмөн баа берүүсү.
  7. «Көк кит» сыяктуу оюндар ж.б..

Мындай абалдын созулушу баланы деградацияга, андан кийин депрессияга, апатияга алып келет.

Анын белгилерин кантип билүүгө болот?

Көпчүлүк учурда ички туюму, эмоциясы күчтүү, бирок ал сапаттары туура эмес багытта иштеп кеткен балдар депрессияга учурашат.

Мындай балдар:

  • алгач таарынчаак, урушчаак болуп, бачым кыжырданып, ачууга тез алдырып, агрессивдүү, эмоционалдык жактан туруктуу эмес болсо, бара-бара эч ким менен сүйлөшпөй калат, түнт болуп кетет
  • бардык нерсеге кызыгуусун жоготот, өзүнө көңүл бурбай калат, милдеттерин аткарбайт, кайдыгерлик орун алат, карап турган нерсесин көрбөйт, айтып жатканды укпайт
  • көңүл буруусу төмөндөйт, унутчаак болуп кетет, аппетити жоголот
  • жалгыздыкка берилип, көп кыймылдабайт, дайыма көңүлү чөгүп жүрөт
  • өзүн өзү күнөөлөө, өзүнө ишенбөөчүлүк күч алат, өлүмдү сөз кылып калат
  • кеби жарды болуп, эмоционалдуулук жоголот

Арачалаар арга барбы?

Өз жанын кыюунун себептерин, белгилерин билгендей кийин аны болтурбоону да ошол себептер менен байланышта караганыбыз туура болмокчу, б.а. деградациянын, депресииянын себептерин жоюшубуз керек.

  • бала менен баарлашуу, маектешүү
  • аны жакшы көрө турганыбызды, анын пикирин, оюн, тандоосун сыйлай турганыбызды көрсөтүү
  • баланы кемсинткен сөздөрдү айтпоо
  • кемчилдигин көрсөтүп, баса белгилеп урушпоо
  • түрдүү себептер менен аны күнөөлөй бербөө
  • кырдаалды, жагдайды алмаштыруу
  • сергек, бакубат жашоо образы
  • китеп окуу, классикалык, элдик музыкаларды угуу
  • театр, музей, кино, көргөзмөлөргө баруу, маданий иш-чараларга катышуу
  • кыймылдуу жашоо образына тартуу, спортко аралаштыруу
  • өзүн, ошол эле учурда башкаларды да урматтоого, жасаган ишинен рахат алууга, өзүнүн үстүнөн иштөөгө багыттоо
  • психологдун, психотерапевттин жардамынан пайдалануу

Эмне үчүн баарлашуу, маектешүү баарынан маанилүү?

Эсиӊизде болсун: башкалар менен баарлашкан бала эч качан өз өмүрүн өзү кыйбайт.

Идиштеги таза суунун үстүнө кара майды куйсак, ал капкара болуп калат, анын алдында таза суу бар экенин биз көрө албайбыз, бизге кара май гана көрүнөт. Так ушул сыяктуу деградацияга, депрессияга туш болгон балада терс эмоция, терс энергия топтоло берип, ал айланасындагы жакшы нерселерди көрбөй калат, ага жалаң гана жаман жактары көрүнөт. Бул кара майды кантип алып салсак болот?

Бул абалдан чыгуунун бир нече жолу бар.

Мисалы, христиандардын чиркөөлөрүндө адамдар попторго ыймандай сырын айтып, мойнунан тегирмен таштай басып турган күнөөлөрүнөн арылууга аракет кылышат. Бул кеп эки кишинин гана ортосунда калат. Сыр төгүүгө келген киши күнөөсүн мойнуна алып, Кудайдан кечирим тилейт. Эгер жасаган күнөөлөрүмдү айтып, чын дилимден тобо келтирсем, ал мени сөзсүз кечирет деген ишеним жан дүйнөнү тазалайт, аруулантат. Эӊ башкы шарт – Кудайдан кечирим сураган адам күнөөлөрүн кайталабай, туура жолго түшүүсү керек.

Экинчиси — психологдордун жардамы. Алар оорулууну дарылабайт, кеңеш берип, жол көрсөтпөйт. Алар «Сен депрессияда экенсиң, кел, көңүлүңдү өйүгөн эмне болсо, чекесинен айта бер» дебейт. Алар суроолор, түрдүү турмуштук кырдаалдарды мисалга тартуу, кайрылган адамдын турмушундагы окуяларды, мүнөзүндөгү өзгөрүүлөрдү тактаган болуп, ал сырын толук төгүш үчүн өзгөчө шартты түзүшөт, адамдын өзүн-өзү таануусуна жардам берет. Психологдун мыктылыгы ушунда.

Үчүнчүсү – үй-бүлөдөгү маанай, жакын адамдардын санаалаштыгы, өз ара түшүнүүчүлүгү. Мында дагы сырдашуунун мааниси чоӊ. Качантан бери көкүрөктү өйүп, эзип келген «көйгөйдү» бирөөгө айтып салуу менен гана көкүрөктөн сүрүп чыгара алабыз. Болгондо да «ушуну эми айтып салайын да, андан биротоло кутулайын» дегендей маанайда эмес, ага өзгөчө шарт түзүлүп (ата-энелер, достор, жакын адамдар, психологдор тарабынан), бала атайлап эмес, баарлашып жатып, байкабастан ошол «сырын» айта бергенде, көкүрөктөгү кара май акырындык менен алынып турат да, анын алдындагы таза суу – жаркыраган жан дүйнө ачылып чыга келет. Мындай болгондо, бала депрессиядан чыгат.

Урматтуу ата-энелер, мугалимдер жана коомчулуктун өкүлдөрү! Бала менен баарлашууга өзгөчө көңүл буралы. Баланын баарлашпай калуусу – өзгөчө коркунуч, «SOS» сигналы… Мындай учурду байкаганда, ага дароо көңүл буруп, аракеттенели. Аны көңүл бурбай, көз жаздымда калтырбайлы! Кеч болуп калбасын!

Бала өмүрүн сактап калгандан кийин аны депрессиядан чыгаруу багытында иштесек болот.

Кошумча эки маалымат жана айрым сунуштар

  1. Мен өзүм да 20 жылдай мурда депрессияга кабылганымын. Ошондо Ысык-Көлдө “Интербилим” долбоору уюштурган Москвадагы “Голубка” уюмунун тренингине катышып калып, оор абалдан чыккан элем.
  2. Мындан 7-8 жыл мурда “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду Бишкекте уюштурган Казакстандагы психоаналитик Анна Кудиярованын тренингине катышуу бактысына туш болдум.[2] Ошол тренингдин үчүнчү күнүндө мурда өз өмүрүнө кол салууга даярданып жүргөн, турмушу азапка, тозокко айланган бир нече адам туюк жолдон чыккандыгын билдиришти. Жалгыз баласынан айрылып, жалгыз калган аял (капкара кийинип, алгач өзү да карарып, үңкүйүп турган эле) үчүнчү күнү көңүлү жайдары болуп, кызыл пальто кийип келди. Арак ичкени үчүн кезинде тумшуктууга чокутпай баккан өз атасына кол көтөргөн жигит ыйлап туруп атасынан кечирим сураганын, эки күндө атасы экөөнүн мамилеси өзгөчө жакшырганын, атасы арак ичкенин токтотконун айтты. Күйөөсү каза болгондон кийин кайын энеси менен квартира талашып урушуп жашап келген аял бир аз гана көм көрүп койгону үчүн кайын энеси ага өзгөчө мамиле кыла баштаганын чоң ыраазычылык менен билдирди. Тренингде мындай мисалдар көп болду.

Уккан адамга жомок сыяктуу угулат. Бирок ошол окуяга өзүм күбө болуп жатып, адистин кесипкөйлүгүнө абдан суктанган элем. Көкүрөктө адамдардын өмүрүн сактап калууга болору тууралуу үмүт көпкө чейин көңүлүмдү көтөрүп, асманда учуп жүргөндөй сезимде болуп жүрдүм.

Адам өмүрүн сактап калгандан ыйык иш барбы?!.

Ошондуктан мектептерге психолог штатын кайра киргизүү маселеси эчак эле бышып жетилген. Биз кечигип жатабыз.

Учурда кыргыз билим берүү академиясы «Өзүн өзү таануу» предметин мектепке киргизүү үчүн анын концепциясын даярдап жатат. Бизге “Ош жаштары” коомдук уюму, “IDEA Борбордук Азия» жаштар уюму, Ага Хан эл аралык фондунун айрым мугалимдери жардам берүүдө. Аларда бул багытта айрым иштер буга чейин эле жасалып келе жаткан экен. Коңшу Казакстан мындай окуу предметин 2011-жылы эле киргизген.

Бул предметте ар бир бала (адам) өзүн таануу багытында аракеттенип, күчтүү сапаттарын өнүктүрүп, алсыз жактарын жойгонго, оңдогонго аракет кылат. Эң негизгиси, өзүн тааныган бала эч качан өз өмүрүн өзү кыйбайт!

 

Алмазбек Токтомаметов, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти.

[1] https://24.kg/obschestvo/109171_88samoubiystv_zagod_pochemu_nashi_deti_uhodyat_izjizni/

[2] Кыргызстанда психоаналитиктер жок. Мен билгенден Казакстанда экөө эле. Психоаналитиктер жалпы эмес, бирден көп жылда даярдалат.

Бөлүшүү

Комментарийлер