КАНАТТУУЛАРГА КАМ КӨРҮШӨТ

  • 13.02.2020
  • 0

Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы №10 мектептин 4-классынын окуучулары “Жаш натуралист” ийримине активдүү катышат. Алар кечээ өз колдору менен уя жасашып, мурдагыларын жаңыртышты. Ийримдин жетекчиси Айнура Ашированын айтымында, бул класстын балдары ийримге быйыл үчүнчү жылы катышып жатышат.

— Ийримдин катышуучулары куштарга жана тыйын чычкандарга жем-суу беришип кам көрүшөт, андан тышкары, куштардын сайраганын угушуп, суктанышат. Табият менен таттуу мамиледе болуу — балдардын таалим-тарбиясына да оң таасир берери бышык. Балдар сабактан тарап үйлөрүнө кетер алдында куштардын уяларына барышып, жем-чөбү бар-жогун текшерип турушат. Алар канаттуулардын абалына жараша аба ырайы кандай болорун өз алдынча аныктаганды да үйрөнүп калышты,-дейт ийрим жетекчиси.

КАНАТТУУЛАРГА КАМ КӨРҮШӨТ

Сүрөттө: Асема Кубанычбекованын жасаган уясы.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер