Канат Садыков, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору: “МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ ПАЙДАЛАНЫП ИШТЕЙЛИ”

  • 16.08.2018
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси Бишкекте өтөт. Анда билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланып, алдыга коюлган маселелерди чечүү жолдору сунушталат. Мектеп окуучуларынын билим деңгээлине түздөн түз таасир берген мугалимдердин билиминин сапаты, кесиптик даярдыгы дагы кеңешмеде негизги багыт катары каралат. Кеңешмеде ушул темада баяндама жасай турган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, мурунку билим берүү жана илим министри Канат Садыков газетабыздын кабарчысы менен алдын ала маек куруп, педагогдорду даярдоонун, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуунун заманбап системасын түзүүнүн жолдору, өнүккөн мамлекеттердин бул багыттагы тажрыйбалары тууралуу айтып берди.

 

Мыкты мугалимсиз билимдин сапаты жогорулабайт

Канат Садыков, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору:   “МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ ПАЙДАЛАНЫП ИШТЕЙЛИ”

Бизде талап боюнча жогорку окуу жайын бюджеттик негизде окуган студенттер дипломун алыш үчүн сөзсүз мектепте иштеши керек. Бирок ошол мектепке бара турган студенттердин даярдыгы кандай, алардын билим сапаты канчалык деңгээлде азыркы талаптарга жооп берет деген маселе турат. Бул проблеманы чечүү үчүн өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын алышыбыз керек.

Белгилүү болгондой, 2008-жылы Майкл Барбер менен Муно Муршед деген окумуштуулар PISAнын жыйынтыгы боюнча эң алдыңкы орунду алган 30 мамлекеттин мектеп окуучуларынын билим сапатын, алардын ийгиликтеринин сырларын изилдеп чыгышкан. Алар бул мамлекеттердин эмне себептен 1-орунга чыгып кетишкендигин, айрымдарынын эмне үчүн артта калып калгандыгын анализдеп чыгуу үчүн акыркы 15 жылдын ичинде билим берүү системасында жасалган иштерин, реформаларын анализдешкен. Мисалы, Америка акыркы 15-20 жылда билим берүү системасына, өзгөчө, мектеп билим берүүсүнө эң эле көп каражат сарптаган. Тактап айтканда, 1975-жылдан 2005-жылга чейин билим берүү системасын каржылоону 73% көбөйткөн. Бирок окуучулардын билим сапаты, башкача айтканда, окуп түшүнүүсү, математикалык билими мурдагыдан төмөндөп кеткен. Ошондон улам жана дагы башка изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жогорудагы изилдөөчүлөр кандай гана реформа жасалбасын, эң негизгиси мугалимдердин билимин жана тажрыйбасын жогорулатмайынча билимдин сапаты жогорулабайт деген тыянакка келишкен. Негизи эле билим сапаты эч качан мугалимдердин билим деңгээлинен жогору болбойт. Ошондуктан бул маселеде эң негизги орунда турган мугалимдин билим сапатына көңүл бөлүш керек. Бул биринчиси.

 

Мугалимдикке мыкты окуучуларды тандоо керек

Канат Садыков, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору:   “МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ ПАЙДАЛАНЫП ИШТЕЙЛИ”

Экинчиси, сапатка таасир берген факторлорду аныкташты. Биринчи фактор катары педагогикалык жогорку окуу жайларга мектептин кандай бүтүрүүчүлөрү тандалып алынып жатканын изилдешти. Негизи билими начар мугалим эч качан сапаттуу билим бере албайт, мыкты окуучу чыгара албайт. Ошондуктан бизде эң биринчи кимдерди мугалимдикке даярдашыбыз керек дегенге басым коюу зарылдыгы келип чыгып жатат. PISAнын изилдөөсүндө алдыңкы орунга Финляндия, андан кийин эле Сингапур чыккан. Мисалы, ушул эки мамлекетте тең мугалимдикке тестирлөөдөн эң алдыңкы орунду ээлеген мектептин бүтүрүүчүлөрүн гана алышат экен. Сингапур 10% ичинен тандаса, финдер 30% ичинен тандашат. Көрсө бул эки мамлекеттин ийгилигинин сыры мына ушунда экен. Баса белгилей кетүүчү жагдай, бул мамлекеттерде мугалимдердин статусу да, эмгек акысы да абдан жогору. Бирок тилекке каршы, биз бул тажрыйбаны толук киргизе албайбыз. Ал үчүн мугалимдик кесиптин статусу жогору болушу керек. Андыктан азыр максаттуу кабыл алууга көбүрөөк басым жасоо керек.

 

Педагогдорду мыктылап даярдоо зарыл

 Андан кийин даярдалып жаткан кадрга эффективдүү сабак өтүүнүн жолдорун үйрөтүшүбүз керек. Башкача айтканда, мугалимдин өзү мыкты даярдалышы керек. Мектеп менен педагогикалык жогорку окуу жайдын байланышы абдан тыгыз болууга тийиш. Тилекке каршы, бизде студенттер мектепке практика учурунда гана барышат. Мисалы, Германиянын окутуунун дуалдык системасын карап көрсөк. Аларда окуу жай менен өндүрүштүн байланышы абдан тыгыз. Педагогикалык адистикте окуган студент төрт жыл бою мектеп менен ЖОЖдун ортосунда болот. Ал жумасына беш күн окуса, анын үч күнүн мектепте өткөрөт. Студент мектептен университеттен алган теориялык билимин чыңдап, мугалимге ар тараптан жардам берип, сабак бергенди, окутуунун технологиясын, эмгек жамааты менен иштешкенди үйрөнөт. Ошондо окуган төрт жылынын бир жылдан ашык убактысын мектепте өткөрөт. Ал студентке мектеп эмгек акы, жогорку окуу жай (эгерде мамлекеттик заказ болсо) стипендия төлөп берет. Аларда практикалык сааттары дагы, практиканын көлөмү дагы, технологиясы дагы башкача түзүлгөн. Ушундай жол менен даярдалган мугалимдин билим деңгээли, тажрыйбасы абдан жогору болот.

Англияда болсо педагогикалык кесипти тандаган студент биринчи курстан баштап эле тандалып алынган бир мектепке бекитилип берилет. Ал окууну бүткөнчө ошол мектепте болуп, мугалимдик кесиптин бардык сырларын үйрөнөт.

Бизде болсо бакалавриат менен магистратурага өткөндө сааттардын көлөмдөрү дагы өзгөрүп, практикалык иштердин сааттары кыскарып кеткендигин байкадык. Ошондуктан биздин Мамлекеттик стандартты кайра карап чыгып, практикалык иштердин сааттарын сөзсүз көбөйтүү керек.

 

Насаатчылык менен жаш мугалимдин статусун бекитүү зарыл

ЖОЖду аяктаган жаш адиске тажрыйбалуу мугалим болгуча бир жылдан үч жылга чейин насаатчы мугалимди бекитип берүү керек. Мисалы, Америкада ЖОЖду бүткөн жаш адистин колуна диплому дароо берилбейт. Ал мектепте үч жыл иштеши керек. Андан кийин, Мугалимдердин ассоциациясы түзгөн курстарга барып, үч жылдык иш тажрыйбасында жетишкен ийгиликтерин далилдегенден кийин гана диплому жана мугалим деген статусу берилет. Англияда болсо сөзсүз бир жыл бою атайын бекитилген мугалим менен иштешет. Бул бизде деле практикаланып жүрөт. Бирок жоболордо да, мыйзамдарда да насаатчы анан жаш мугалим деген статус жок болгондуктан, каржылоо дагы каралган эмес. Ошондуктан жаш мугалимдин артында турган насаатчы анан мугалимдин өзүнүн жаш адис деген статусун бекитип, каржылоо маселесин чечүү зарыл.

 

Педагогикалык билим зарыл

Мугалимдерди кайра даярдоо боюнча Россиянын, Казакстандын учурдагы системасына кайрылып көрдүк. Алар менен окшоштуктарыбыз болсо да, бизге караганда алардын бир аз алдыга жылып жатканын байкадык. Россияда үч жыл мурун мыйзам өзгөртүлүп, мугалим болуш үчүн сөзсүз педагогикалык билими болушу керек деген катуу талап коюлду. Ушуга байланыштуу Россида кыска мөөнөттүү ар түрдүү педагогикалык курстар, андан тышкары дистанттык технологиялар менен окуу процесстери жогорку окуу жайларда жана жөнөкөй эле менчик билим берүү мекемелеринде жүрүп жатат. Азыр ар бир каалоочунун курстардан окуп же болбосо дистанттык окууларга жазылып, педагогикалык статусун алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул дагы сапатка жетүүнүн бир жолу десек болот.

Тилекке каршы, бизде бул маселе ачык бойдон турат. Гуманитардык же болбосо, так илимдер багытында окууну бүткөндөр деле педагогикалык билими жок болуп туруп мектептерде, бала бакчаларда иштеп жатышат. Жогорудагы тажрыйбалардын баарын карап чыгып Кыргызстандагы болгон ресурстарды анализдеп көрдүм. Көрсө, бизде деле мындай тажрыйбаны ишке ашырууга ресурстар жетиштүү эле экен. Мисалы, мектептерди алсак. Азыр бизде 30 инновациялык мектеп бар. Ошол мектептердин базасында жогорку окуу жайлар тарабынан дистанттык курстарды өткөрсөк болот экен. Андан сырткары жети облуста тең бирден университеттер, орто кесиптик окуу жайлар, методикалык институттар же борборлор бар. Мына ошолордун байланышын күчөтүп, аларды 30 инновациялык мектепке байласак, жаңы структураны пайдаланууга мүмкүнчүлүк болот экен деген жыйынтыкка келдик. Бул болсо жалпы системанын мүмкүнчүлүгү жетиштүү экендигин көрсөтүп турат. Бул жаатта жасалып жактан иштер бар экендигин дагы белгилешибиз керек. Анткени педагогдорду даярдап жаткан окуу жайлар дагы өздөрүнүн демилгелери менен ар кандай курстарды уюштурушуп, методикалык борборлор менен байланыштарын чыңдап жатышат. Бирок ошол эле учурда мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жакшы жолго коюлбай жаткандыгын байкоого болот.

 

Курстарды иштеп чыгуу зарыл

ЖОЖдор болсо мугалимдерин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча түрдүү курстарды иштеп чыгып, конкурстук түрдө министрликке сунушташы керек. Ким жеңсе, ким эң жакшы курстарды иштеп чыкса, ошолорго мамлекеттик заказ берип, жок дегенде кичинекей каржылоо болсо дагы ушул ишти жайылтса болот. Себеби азыр башка тармактарда бул тажрыйба жакшы ишке ашырылып жатат. Мисалы, биздин окуу жайдын мамлекеттик кызмат факультетинде иштеп жаткан окутуучуларыбыз ошондой курсту иштеп чыгышып, Мамлекеттик кызмат агенттиги өткөргөн сынакта утуп алышып, учурда Баткенден баштап Нарынга чейин айыл өкмөттөргө, айылдык кеңештерге курстарды өтүп жатышат. Биз дагы ушундай эле жол менен мыкты методисттерди пайдаланып калышыбыз абзел. Буга мүмкүнчүлүк бар. Бир гана каражат маселеси чечилиши керек.

 

Мугалимдердин династиясын колдойлук

 Өз учурунда мен дагы бир идеяны айтып, бирок ал ишке ашпай калган. Кээ бир учурларда мугалимдердин үй-бүлөсүнөн чыккан, мугалимдик кесипке кызыккан, ата-энесинин жолун жолдойм деп, бирок мүмкүнчүлүгү, шарты туура келбеген учурлар болот. Биз ошондой каалоочуларга колдон келишинче шарт түзүп берсек жакшы болмок. Ошондуктан ЖОЖго кабыл алууда мугалимдердин балдарынын категориясы деген категорияны киргизсек деп ойлойм. Бул албетте, менин жеке сунушум. Себеби мугалимдин балдары баары бир мугалимдикке жакыныраак болушат.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер