«КАЛЕМ ЛИДЕРЛЕР АКАДЕМИЯСЫ» — ШЫКТАНУУНУН ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН БАШАТЫ

  • 30.10.2025
  • 0

«Калем лидерлер Академиясынын» үч күндүк оффлайн курсу  ийгиликтүү жыйынтыкталды.

"КАЛЕМ ЛИДЕРЛЕР АКАДЕМИЯСЫ" — ШЫКТАНУУНУН ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН БАШАТЫ

Елиза Турусбаеванын маалыматына таянсак, бул үч күн ар бир катышуучу үчүн жаңы идеялардын, пайдалуу кеңештердин жана чыныгы шыктануунун булагына айланды.

"КАЛЕМ ЛИДЕРЛЕР АКАДЕМИЯСЫ" — ШЫКТАНУУНУН ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН БАШАТЫ

— Академиянын негиздөөчүсү жана дем берүүсү күчтүү жетекчиси Мамбетасан Ибраев агайдын жетектөөсүндөгү команда ар бир сабакты, ар бир жолугушууну терең мазмун менен коштоп, ар бир катышуучуга ишеним, мотивация жана өз жолун табууга багыт берди. Бул күндөрдө биз билим берүүдө лидер болуунун, тарбиянын күчүн жана мугалимдин коомдогу ролун терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Ар кимибиз өз ичинен жаңы дем, жаңы максат жана өз ишине болгон сүйүүнү кайра жандандырдык. Айрыкча Карбалас Бакиров агайдын жүрөктөн чыккан насаат сөздөрү ар бирибизге чоң таасир калтырды:

Окута берип жарымы өлүп калган,

Бурчуңардын чыккыла көнүп калган.

Толкунданып жөнөтөм жүрөгүмдөн,

Коркпогула деңизге кошулуудан…

"КАЛЕМ ЛИДЕРЛЕР АКАДЕМИЯСЫ" — ШЫКТАНУУНУН ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН БАШАТЫ

Бул сөздөр бизге — мугалимдерге, жаш лидерлерге — дем берди, кыйынчылыктан коркпой, агымга каршы эмес, ага кошулуп чоң максаттарга жетүүнүн маанисин дагы бир жолу эске салды. «Калем лидерлер Академиясы» — бул жөн гана курс эмес, өзүн таанып, өзгөрүүгө жол ачкан чыныгы мектеп. Бул жерде ар кимибиз өз үнүн, өз дараметин жана коомго кызмат кылуу миссиясын таап чыктык. Силердин ар бириңер — билим берүү системасын өзгөртө ала турган жаңы муундун өкүлүсүңөр!- дейт Е.Турусбаева.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер