КӨРСӨТМӨЛҮҮ САНАРИП САБАК
- 11.05.2020
- 0
Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин технология мугалими Шабдыраев Рахатбектин кызыктуу видеосабагы үйлөрдүн курулушуна, функциясына, адамзат үчүн маанисине арналат.
Мугалим окуучулар бул санарип сабактан эмнелерди өздөштүрөрүн
окуучулардын позициясында коюлган реалдуу максаттар аркылуу көрсөтөт.
Сабакта мугалим турак-жай адамдар, жада калса жаныбарлар үчүн эмнеге зарыл экенине токтолот.
Турак-жайдын тарыхына кайрылып, кыргыздар сыяктуу мал чарбачылыгы менен күн көргөн көчмөн элдерге таштан салынган бекем үйлөр эмес, мобилдүү алачык, боз үйлөр маанилүү болгонун белгилейт.
Андан ары азыркы турак-жайдын курулушу, функциясы тууралуу айтып берет.
Бышыктоодо балдардан кайсы жаныбар кандай турак-жайда турарын аныктоону өтүнүп, үй тапшырмага өздөрү жашаган үйлөрүнүн сүрөтүн тартып келүүнү суранат.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер