КӨРСӨТМӨЛҮҮ САНАРИП САБАК

  • 11.05.2020
  • 0

Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин технология мугалими Шабдыраев Рахатбектин кызыктуу видеосабагы үйлөрдүн курулушуна, функциясына, адамзат үчүн маанисине арналат.

КӨРСӨТМӨЛҮҮ САНАРИП САБАК

Мугалим окуучулар бул санарип сабактан эмнелерди өздөштүрөрүн
окуучулардын позициясында коюлган реалдуу максаттар аркылуу көрсөтөт.

КӨРСӨТМӨЛҮҮ САНАРИП САБАК
Сабакта мугалим турак-жай адамдар, жада калса жаныбарлар үчүн эмнеге зарыл экенине токтолот.КӨРСӨТМӨЛҮҮ САНАРИП САБАК
Турак-жайдын тарыхына кайрылып, кыргыздар сыяктуу мал чарбачылыгы менен күн көргөн көчмөн элдерге таштан салынган бекем үйлөр эмес, мобилдүү алачык, боз үйлөр маанилүү болгонун белгилейт.

КӨРСӨТМӨЛҮҮ САНАРИП САБАК
Андан ары азыркы турак-жайдын курулушу, функциясы тууралуу айтып берет.

КӨРСӨТМӨЛҮҮ САНАРИП САБАК
Бышыктоодо балдардан кайсы жаныбар кандай турак-жайда турарын аныктоону өтүнүп, үй тапшырмага өздөрү жашаган үйлөрүнүн сүрөтүн тартып келүүнү суранат.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер