КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВ

  • 13.06.2024
  • 0

Кыргыз билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, башкы илимий кызматкери Абакир Мамытов 70 жашта.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВ“Ааламга кеткен жол айылдан башталат”- дегендей, биздин каарманыбыз Абакир Мамытов  алыскы Кара-Кулжадагы Кара-Кочкор айылында туулуп өсүп, Фрунзе атындагы №19 мектепти бүтүргөндөн кийин, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна келип кирип, студенттик жылдарында отличник, активист, эмгекчил азамат катары таанылып, ал учурдагы эң абройлуу наамдын ээси — Лениндик стипендиант болгон. Жогорку окуу жайын артыкчылык диплом менен аяктагандан кийин, институттун жетекчилиги Абакирден келечекте чоң адис чыгарына ишенип, аны Москва шаарындагы Бүткүл союздук дене тарбия илим-изилдөө институтунун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүндө окууга атайын жолдомо менен жөнөтүшкөн. Мына ошентип, кечээ эле тоо арасындагы элеттик айылдан Бишкекке келген жаш жигит  Советтер Союзунун чоң борбору — дүйнөлүк шаар Москвада аспирант болуу бактысына туш болуп, илим жолунда педагогика илимдеринин доктору, профессор даражаларга чейин жетип, өлкөбүздүн билим берүүсүнө, илимине тоодой салым кошуп келүүдө. Учурунда ал жогорку билим берүүнү реформалоонун жаңы моделинин демилгечиси же Легендарлуу Парламентте  мыйзам долбоорун коргоп, анан башка окумуштуулардан инновациялык илимий изденүүлөрү жана табылгалар менен айырмаланып, билим берүүнүн мыйзамдык жана  нормативдик-укуктук базасын түзүү жагындагы бирден бир мыкты адис катары таанылып, улуттук билим берүү системасына эл аралык тажрыйбанын бийиктигинен караган, зор салым кошкон аалым катары билебиз.

Өмүр жолу

Мамытов Абакир 1954-жылы 18-июнда Ош областына караштуу Кара-Кулжа (мурдагы Совет) районунун Кара-Кочкор айылында туулган. Орто билимди Фрунзе атындагы № 19 мектептен (1970-ж), жогорку билимди Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун артыкчылык диплому менен бүтүрүп (1972-1976-жж.) Москвада аспирантурада (Бүткүл союздук физкультура илим изилдөө институту, 1976-1979-жж.) окуп алган. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн (1979-1981-жж). Педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражаны изденип алуу үчүн жазылган диссертациясын Москва шаарында (1982-ж), докторлук диссертациясын Алматы шаарында (1998-ж) коргогон. 1986-жылы доцент, 1993-жылы профессор илимий наамдары ыйгарылган.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВЭмгек жолу

Эмгек жолун слесарь-механик болуп баштаган, адистик жогорку билим алгандан кийин өмүр бою педагогикалык кызмат менен алек болуп, жогорку окуу жайларда сабак берген жана  45 жылдан ашык тажрыйба топтогон. Аспирантураны аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунун дене тарбия теориясы жана методикасы кафедрасында окутуучу болуп дайындалган, кийинчерээк ага окутуучу, доцент, профессор кызматтарына шайланган. Административдик-башкаруучулук жумушка 1984-жылы тартылып, алгач педагогика факультетинин деканынын орун басары (1984-1988-жж), андан соң институттун окуу иштери боюнча биринчи проректору (1988-1992-жж) кызматын аркалаган жана 1992-жылы ректорлук кызматка дайындалган.  Бул кызматты эки ирет шайлоо тартиби менен ээлеп 14 жылга жакын окуу жайды жетектеген. Март революциясынан кийин Казакстандын спорт жана туризм академиясында дене тарбия жана спорт теориясы боюнча профессор кызматын айкалыштырып иштеген жана Чүй университетинде окуу иштери боюнча проректор, андан соң ректор (2006-2007-жж) болуп эмгектенген. Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин адистик билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматына конкурстук негизде (2007-ж.) дайындалган. Андан соң Кыргыз билим берүү академиясынын президенти (2007-2018-жж.) болуп дайындалып, академияны 11 жыл жетектеген. 2014- жылы Кыргыз билим берүү академиясынын академиги болуп шайланган, ал эми 2019- жылдын январь айынан баштап башкы илимий кызматкер болуп эмгектенип келүүдө.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВАдистик квалификациясы

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, дене тарбиянын, спорттук машыгуулардын, саламаттыкты сактоонун жана адаптивдүү физкультуранын теориясы жана методикасы (13.00.04), жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы (13.00.01) илимий адистиктери боюнча Кыргызстандагы көрүнүктүү адистердин бири. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт жана жазат. Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү бир катар адистик уюмдарда илимий, методикалык жана эксперттик ишмердүүлүк менен алектенет.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВИлимий-педагогикалык ишмердүүлүгү

Илимий ишмердүүлүгүн негизги багыттары дене тарбия жана спорттук машыгуулардын теориялык жана методикалык маселелерин изилдөө, жалпы мектептик жана жогорку адистик билим берүүнүн мазмунун долбоорлоо, билим сапатын изилдөө, мектеп окуучуларынын билим берүү жетишкендиктерин баалоо каражаттарын иштеп чыгуу жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен байланыштуу. 230 илимий жана илимий-методикалык эмгектердин автору. Алардын 180ни орус, 44тү кыргыз жана 6сы аңглис тилинде жарык көргөн. Алыскы чет өлкөлөрдө 12 жана жакынкы чет өлкөлөрдө 48 эмгеги жарыяланган. Илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын Лондон, Тегеран, Варшава, Сан-Хуан, Атланта, Стамбул, Найроби, Москва, Санкт-Петербург, Ташкент, Алматы ж.б. шаарларда өткөн ири илимий форумдарга катышып жарыялаган.

Жети илимий монографиянын, билим берүү жана илим министрлигинин грифи ыйгарылган окуу китептердин автору, жалпы орто жана адистик жогорку окуу жайлардагы дене тарбия сабактарынын окуу программаларынын түзүүчүсү. Кыргыз энциклопедиясы тарабынан чыгарылган тармактык үч энциклопедиянын авторлошу болуп саналат.

Илимий монографиялары “Высшее физкультурное образование Кыргызстана: современное состояние и перспективы на будущее” (Бишкек, 1998, –210с.), “Система среднего профессионального образования и профессиональные образовательные стандарты в Кыргызской Республике” (Москва, Исследовательский центр проблем качества подготовки специалистов МИСиС. 2011. –70с.), “Модернизация системы образования Кыргызской Республики (Бишкек, 2014. –296 с.), “Оценка образовательных достижений учащихся начальной школы” (Бишкек, 2018. –135с.), “Диагностика предметных компетентностей учащихся, обучающихся по стандартам нового поколения” (Бишкек, 2021. –224с.), “STEM-образование в школьном и внешкольном дополнительном образовании” (Бишкек, 2022. –284с.) жана “Основные понятия закона Кыргызской Кыргызской Республики “Об образовании” в контексте законов государств-участников СНГ” (Бишкек, 2022. –64 с.) аталыштарда илимий чөйрөдө белгилүү.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВ“Теория спорта” аттуу окуу китеби дене тарбия жана спорт багытындагы адистерди даярдоочу жогорку окуу жайларда колдонууга расмий сунушталган жана эки ирет орус тилинде жарык көрүп (Бишкек, 2001, –253с; Каракол, 2005. –236с.), кийинчерээк казак (Павлодар: ПМПИ, 2013. –192 б.) жана кыргыз (Бишкек, 2016. –140 б.) тилдерине которулган. “Дене маданияты теориясы. Жалпы негиздери” аттуу окуу китебине да министрликтин грифи ыйгарылган жана мамлекеттик тилде жазылган алгачкы окуу куралы болгондугу менен айырмаланат (Бишкек, 2011. – 184 б.). Аталган окуу куралы учурдагы дене тарбия адистерин даярдоодо кеңири колдонулат жана экинчи ирет (Бишкек. 2019. –186 б.) басып чыгарылган.

Ал эми жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультеттерине сунушталган окуу куралдарынын катарына “Основы здорового образа жизни” (Бишкек, 2007. -108 б.), “Инновациялык терминдер жана түшүнүктөр сөздүгү (Бишкек, 2012. –58 б.), кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн “Педагогикалык баалоонун негиздери” (Бишкек, 2014. –180 б.) жана “Окутууда формативдик баалоону колдонуу” (Бишкек, 2014. –76 б.) аттуу жеке жана авторлоштор менен бирге даярдаган эмгектери кирет.

Эки илимий эмгеги Москва шаарында жарык көргөн. Алар “Система среднего профессионального образования и профессиональные образовательные стандарты в Кыргызской Республике” (Москва, Исследовательский центр проблем качества подготовки специалистов. МИСиС. 2011. –70с.) жана “Словарь согласованных терминов и определений в области образования государств-участников Содружества Независимых Государств” (Москва, НИТУ “МИСиС”, 2012. –244 с.). Аталган эмгектер постсоветтик билим берүү аймагында орун алып жаткан терминдик жана укуктук-ченемдик актылардагы шайкештикти камсыз кылуу максатында КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык Гуманитардык Кызматташуу Фонду (МГФС) тарабынан колдоого алынган жана А. Мамытов аталган фонддун эксперти вазийпасын аркалоо учурунда жазылган.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВФундаменталдык мааниси жогору эмгектеринин катарына алгачкы ирет кыргыз тилинде даярдалган үч тармактык энциклопедиялык илимий басылмалар кирет. Биринчиси  “Ден соолук”: Медициналык энциклопедиясы (Ф.:, Кыргыз Совет Энцинклопедиясынын башкы редакциясы. 1991, –456 б.). Энциклопедияда А. Мамытовдун 28 макаласы жарык көргөн. Экинчиси “Физкультура жана спорт” энциклопедиясы (Бишкек, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2002, –236 б.). Энциклопедия А. Мамытовдун демилгеси менен даярдалып, жооптуу редактордун милдетин аткарган. Үчүнчүсү “Кара-Кулжа району” Энциклопедия (Б.: “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясы, 2013. –352б.). Бул эмгекти даярдоодо редакциялык кеңештин мүчөсү милдетин аткарган жана билим берүү, дене тарбия жана спорт боюнча макалаларды даярдаган.

Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого олуттуу салым кошуп, педагогика илимдеринин төрт докторунун (Ж. Каниметов, 2009, А. Наркозиев, 2011, Ө. Сманбаев, 2019, О. Коптев, 2023) жана алты кандидатынын илимий консультанты жана жетекчиси болгон.

Илимий-популярдуу эмгектерди жаратууда алгылыктуу иш алып барган. Совет доорунда 100 миңге жакын окуурманы бар ай сайын жарык көрүүчү “Спортивная жизнь России” журналынын редакциясы менен кызматташып, белгилүү окумуштуу В.К.Петров менен биргеликте атлетизм багытындагы методикалык макалаларды (1977-1978-жж.) үзбөй жарыялап турган. Кийинчерээк ушул өңүттөгү ишмердүүлүк Кыргызстандын “Ден соолук” илимий-популярдуу журналында (1985-1986-жж.)  сергек жашоо образын калыптандыруу максатында улантылган. Топтолгон тажрыйба “Сымбаттуу болуу өзүңдөн” (Ф.:, Мектеп, 1987, –6,3 б.т.) аттуу китепти даярдоо менен коштолгон. Окурмандардын кызыгуусун эске алуу менен аталган китеп экинчи ирет (Бишкек, Шам, 1993. –6,3 б.т.) басып чыгарууга сунушталган. Ушундай эле өңүттө “Саламаттыгыңды сактай бил” аталыштагы китеби биринчи ирет 1996-ж. (Ф.:, КР УИА, 1996. –9 б.т.), экинчи ирет билим берүү жана илим министирлигин буюртмасы менен кайрадан иштелип чыгып, мектеп окуучуларына (Бишкек: Полиграфбумресурсы, 2017. –137 б.) сунушталган.

Эгемендик алган жылдардан тартып ченемдик-укуктук актыларды даярдоого активдүү катышат. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” биринчи мыйзамын иштеп чыккан топтун курамына кирген жана Жогорку Кеңештин отурумунда коргогон баяндамачы (1992-ж) катары жана ушул эле мыйзамды кайрадан иштеп (2003-ж.)  чыгып жаңы вариантын даярдаган топтун активдүү мүчөсү катары таанымал. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Физкультура жана спорт жөнүндөгү” мыйзамын (2000-ж.) даярдоого жигердүү катышкан.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВАдистик жогорку билим берүү стандарттарынын экинчи муунун даярдоодо жана экспертиза жүргүзүүдө ведомстволор аралык комиссияны (2003-2006-жж) жетектеп ишке киргизген. Билим берүү академиясынын президенти кызматын аркалаган учурдан баштап  мектеп билиминин мазмунун, жаңы муундагы Базистик окуу планын жана предметтик стандарттарын иштеп чыгууда, окуу-методикалык комплекстерге илимий-педагогикалык экспертиза жүргүзүп, базалык мектептерде апробациялоого олуттуу салым кошкон. Эл аралык донорлордун ресурстарын колдонуп, Кыргыз билим берүү академиясын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана илимий кызматкерлердин адистик деңээлин жогорулатууга, Орто Азия чөлкөмүндөгү биргелешкен эл аралык ири изилдөөлөрдү (CAPSA-2015) уюштурууга жана жүргүзүүгө жетишкен. “Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары” илимий журналынын башкы редактору катары  2014- жылы басылманы РИНЦ (Российский индекс научного цитирования) базасына киргизүүгө жетишкен.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВИлимий жана коомдук ишмердиги

Адистик багытта бир катар уюмдарга мүчө: ЕврАзЭстин (2007-2012-жж.), ШОСтун (2007-2010-жж.), КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташуу фондунун (2007-2012- жж.) илим жана билим боюнча эксперти, билим берүү мазмунун стандартташтыруу комиссиясынын Кыргызстандагы расмий мүчөсү, Казакстандын туризм жана спорт академиясыны алдындагы диссертациялык кеңештин мүчөсү (1999-2009-жж; 2014-2020- жж.), Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин жана Кыргыз билим берүү академиясыны алдындагы Д.13.23.662 диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары, төрагасы, мүчөсү (2009-2024-жж), Жогорку Аттестациялык Комиссиянын алдындагы педагогика адистиги боюнча эксперттик комиссиясынын төрагасы (2016-ж.), билим жана илим министрлигин коллегия мүчөсү (2008-2018-жж.). Педагогика илимдеринин 4 докторун жана 6 кандидатын жетектеп даярдаган.
Кыргыз Республикасынын Олимпиада академиясын президенти (1994-2005-жж), Кыргыз улуттук Олимпиада комитетинин мүчөсү (1994-2005-жж), Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегия мүчөсү (1992-2005-жж), Кыргыз Республикасынын Атайын олимпиада уюмунун түптөчүсү жана алгачкы президенти (2000-2005-жж.) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлеринин (А. Бейшеналиев, Д. Кендирбаева) коомдук негиздеги кеңешчиси катары белгилүү.

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВСыйлыктары

Эки мамлекеттик сыйлыктын ээси: Кыргыз Республикасынын Грамотасы (1991-ж.) жана “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген ишмер” (1995-ж) ардактуу наамы.

Мыйзам чыгаруу жаатындагы ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен (2014-ж.) белгиленген.

Жаштарды тарбиялоодогу, билим берүүдөгү жана илимий ишмердүүлүгү эки юбилейлик медаль жана ведомстволук төш белгилер менен бааланган: алар “Манас эпосуна 1000 жыл” юбилейлик медалы (1996-ж.), “Кыргыз Республикасына 10 жыл” юбилейлик -медалы (2011-ж.), Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы” (1994-ж.), Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия мыктысы” (1999-ж.), Кыргыз Республикасынын “Адистик кошундар кыймылынын мыктысы” (2000-ж.) төш белгилери жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жогорку Аттестациялык Комиссиянын Ардак Грамотасы (2021-ж.) менен сыйланган.

Чет өлкөлүк ведомстволук сыйлыктардын ээси: Казак Республикасынын билим берүүсүнүн ардактуу кызматкери (2008-ж.), Казак Республикасынын улуттук физкультура жана спорт илим борборунун алтын медалы (2005-ж.), Казакстан педагогикалык академиясынын чет өлкөлүк мүчө-корреспонденти (2011-ж.), Казак спорт жана туризм академиясынын (1994-ж.), Өзбекстан мамлекеттик физкультура институтунун (1995) ардактуу профессору, Санкт-Петербург шаарындагы Петр биринчи атындагы илимдер жана көркөм өнөр академиясынын мүчө-корреспонденти (2003 ж.) болуп саналат.

КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин съезддеринин төрт жолку делегаты (Астана, 2010; Ереван, 2012; Минск, 2014 жана Бишкек, 2018).

КӨРҮНҮКТҮҮ ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР АБАКИР МАМЫТОВҮй-бүлөсү

Үй бүлөлүү, бир кыз, эки уул жана беш небереси бар. Жубайы Омырзакова Бурулкан педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, милициянын отставкадагы полковниги, Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академисынын кызматкери. Кызы Айсулуу финансист, банк кызматкери, уулдары (Эмиль) инженер-программист, менеджер, саясий илимдердин кандидаты, (Бексултан) милициянын майору, мамлекеттик кызматкер.

Абакир Мамытович  70 жашка келип, илим-билим, акыл-эс, интеллект, тажрыйба жагынан бай ресурска ээ болуп, талыкпаган эмгегинин үзүрүн көрүп турган чагы. Ал бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп, аларга өрнөк болуп, мекени үчүн дагы да далай-далай орчундуу жана мыкты иштерди жасайт деген ишенимдебиз.

Чыгаан окумуштуу Абакир Мамытовичке жаңы жетишкендиктерди жана бийиктиктерди, чың ден соолук, узак өмүрдү, бардык жакшылыктарды  “Кут Билим” медиа борбору да каалап, 70 жаш мааракеси менен куттуктайт!

 Даярдаган Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер