КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ
- 26.02.2020
- 0
Кыргызстан — көп улуттуу мамлекет. Андыктан, көп тилдүү билим берүү модели Кыргызстандын билим берүү саясатынын түпкү максаттарына ар тараптан жооп берет.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин 26-февралдагы жыл жыйынтыгына сарасеп салган жыйынында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өз сөзүндө баса белгиледи.
— Көп тилдүү билим берүүнүн келечеги кең. Бул багыттагы ишибизде биз алдыңкы өлкөлөрдүн бай тажрыйбасына таянышыбыз керек, — деди министр.
Министрдин айтуусунда, учурда тоолуу өлкөбүздө көп тилдүү билим берүү долбоору 48 бала бакчада, 80 мектепте жана 5 педагогикалык университетте ийгиликтүү ишке ашууда.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер