КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

  • 26.02.2020
  • 0

Кыргызстан —  көп улуттуу мамлекет. Андыктан,  көп тилдүү билим берүү модели Кыргызстандын билим берүү саясатынын түпкү максаттарына ар тараптан жооп берет.

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин 26-февралдагы жыл жыйынтыгына сарасеп салган жыйынында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өз сөзүндө баса белгиледи.

— Көп тилдүү билим берүүнүн келечеги кең. Бул багыттагы ишибизде биз алдыңкы өлкөлөрдүн бай тажрыйбасына таянышыбыз керек, — деди министр.

Министрдин айтуусунда, учурда тоолуу өлкөбүздө көп тилдүү билим берүү долбоору 48 бала бакчада, 80 мектепте жана 5 педагогикалык университетте ийгиликтүү ишке ашууда.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер