“КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫН ЭМИ БАРДЫК МЕКТЕПТЕР АКЫСЫЗ ПАЙДАЛАНАТ

  • 30.07.2020
  • 0

«Edugate» компаниясы иштеп чыккан “Күндөлүк” автоматташкан маалымат системасын пайдаланууну Кыргызстандагы бардык мектептерге бекер кылууну чечти. Бул жөнүндө “Кут Билимге” аталган программаны иштеп чыккан программисттердин жетекчиси Сагындык Балтабаев өзү билдирди.

“КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫН ЭМИ БАРДЫК МЕКТЕПТЕР АКЫСЫЗ ПАЙДАЛАНАТ       

“Биз командабыз менен ушундай чечимге келдик. “Күндөлүк” электрондук системасын бүт Кыргызстандын мектептерине бекер пайдаланууга берели деп чечтик. Кызыккан мектептер биз менен байланышса болот, шаблондорун биздин системадан эле жүктөп алыша алат”,-деди Сагындык.

“Күндөлүк”  электрондук системасы менен Кыргызстанда ондогон мектептер иштеп атат. Системанын ичинде электрондук жадыбал, электрондук журнал, электрондук күндөлүк – баары каралган. Андан сырткары эгер мурда ал дисттантык сабак өтүүгө эле ылайыкташкан болсо, эми анда соңку өзгөрүүлөр менен онлайн сабактарды өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мугалим менен окуучулар эч кандай башка программаларды жүктөп отурбай эле, “Күндөлүктүн” ичинде эле онлайн режимде түздөн түз байланышып, керектүү материалдардын баарын ортого салып көрө алышат.

“КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫН ЭМИ БАРДЫК МЕКТЕПТЕР АКЫСЫЗ ПАЙДАЛАНАТ

“Күндөлүктүн» артыкчылыктары көп. Мугалим телефон аркылуу өзүнүн расписаниесин көрө алат, сабакты басат. Темасы бар болсо, аны таап, жок болсо плюс менен эле теманы кошуп, ошол теманын ичинде эмне кылыш керек, ошонун баарын жазып, керектүү файлдарды кошуп, Ютубдан же башка бир ресурстан видеолордун ссылкаларын кошуп, баарын бир тема кылып сактап бүткөндө, ошол замат анын баары окуучулардын телефондоруна кетет. Окуучу өзүнүн сабагына киргенде, “Мен келдим” деген функциясы бар, ошону басып, мен сабактамын деп билдирип, видеолорун көрүп, презентацияларын карап, бүт материалдарын көрө алат.

“КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫН ЭМИ БАРДЫК МЕКТЕПТЕР АКЫСЫЗ ПАЙДАЛАНАТ

Эгерде мугалим тест жиберген болсо, ошол тестти да өтүп, тийиштүү баллын алат. “Күндөлүк” дароо эле аны текшерип, баллын эсептеп берет. Ошондо мугалим өзү баа коюп, сабак дистанттык же онлайн режимде өтөт.

 

“Күндөлүктүн” ичинде мугалим окуучулар менен кат алышып, байланышып турган чат бар. Мугалим WhatsAppтан ар бир классты чатка киргизип отурбай, журналдын ичинде ар бир класстын өзүнүн чатын пайдаланса болот. Ал жерде окуучулар бир нерсени түшүнбөй, суроолорун жазса, мугалим ошол чаттан эле жооп бере алат. Анын баарын ата-эне да көрөт, сабакты кандай өткөрүп атат, бала кандай баа алганын, кандай үй тапшырма берилгенин көрүп турат. Ошол жактан да контроль (бар.

(«Күндөлүк системасын жүктөп колдонуу үчүн төмөнкү телефондор менен байланышуу керек. 0770253302, 0555530930)

“КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫН ЭМИ БАРДЫК МЕКТЕПТЕР АКЫСЫЗ ПАЙДАЛАНАТ

“КҮНДӨЛҮК” АВТОМАТТЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫН ЭМИ БАРДЫК МЕКТЕПТЕР АКЫСЫЗ ПАЙДАЛАНАТ

Бөлүшүү

Комментарийлер