КӨЭАУда “Манас” эпосунун күнү белгиленди
- 05.12.2024
- 0
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин 1-курстарынын арасында 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө жана белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата “Улут аралык достук, ынтымак жана биримдик” аталышындагы “Манас” таануу таймашы болуп өттү. Таймашта “Кыраан Манас”, “Океан Манас” жана “Ак шумкар” топтору өз ара саламдашуу, топтордун атын коргоосу, “Манас” айтуу, үчилтиктин негизинде түзүлгөн суроо-жооп жана эпостун сюжетинин негизиндеги сахналык көрүнүштөр сыяктуу тапшырмалар менен күч сынашты.
Студенттердин “Манас” эпосун жана Манас баатырды даңазалаган, эпостун идеясынан алынган учкул сөздөрдөн көркөм окуулары, топтордун “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү чеберчилик менен аткаруулары, берилген суроолорго так, жеткиликтүү жооп берүүлөрү жана эпостун сюжетинин негизинде чеберчилик менен аткарган инсценировкалары көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Аталган иш чарага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, магистратура бөлүмүнүн башчысы Назира Тилекова, табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Жумагүл Жээнтаева жана кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы Бактыгүл Исмаиловалар калыстык кылышып, иш чаранын жыйынтыгы чыгарылып, топтор диплом жана грамоталар менен сыйланды.
Ал эми уюштуруучу катары кыргыз филологиясы кафедрасына жана кафедранын улук окутуучусу Өмүркан Алибековага ыраазычылык билдирилди.
Комментарийлер