ИЙГИЛИКТҮҮ ДОЛБООРЛОР

  • 01.12.2023
  • 0

ИЙГИЛИКТҮҮ ДОЛБООРЛОР

«Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду Баткен районунун Кара-Булак, Дара, Төрткүл, Кыштут айыл аймактарында жана Лейлек районунун Сумбула,Тогуз-Булак, Кең-Талаа, Суу-Башы айыл аймактарында Социалдык экономикалык өнүгүү планын түзүү темасында дизайн ой жүгүртүү элементтери менен тренингдер өттү. Мындан сырткары фонд тарабынан бир топ иш-аракеттер жүргүзүлүп келет. Фонддун жүргүзүп жаткан иш-чараларын чогуу берүүнү туура көрдүк.

Тынчтык керек

Алгач тренингдерге чейин пилоттук тогуз айыл өкмөттөрүндө социалдык-экономикалык пландарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрү менен жолугушуу-консультациялар уюштурулду.

Окутууларга Баткен жана Лейлек районундагы пилоттук айылдардын тургундары, активисттер, фасилитаторлор, мобилизаторлор жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Катышуучулар айылдын жана айыл тургундарынын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ыңгайлашуу, гендердик өнүгүү жана социалдык биримдикти чыңдоо, тынчтыкты бекемдөө маселелерине байланыштуу жана башка өнүгүү жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган абдан кызыктуу, инновациялык долбоорлорду ойлоп табышты, сунуш кылышты.

Долбоордун максаты – Кыргызстанда тынчтыкты сактоого алып баруучу климаттык коопсуздук маселесин чечүү үчүн негиз катары жарандык коомдун аялдардын уюмдарынын институционалдык потенциалын өстүрүү жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, — дейт фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова.

Ал БУУ Аялдар түзүмү, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Search for Common Ground, Camp Alatoo, Жарандык платформа уюмдары менен өнөктөштүктө Тынчтыкты куруу фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бир адамдан бир китеп

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу чек арада жайгашкан Чечме айылынын китепканасына Фонддун китептерин белекке берди.

Ж. Баласагын атындагы КУУнун магистранты Азамат Алимжанов “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында Чечме айылынын китепканасына китептерди чогултууда.

Айгүл гүлү корголот

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Баткен облусунун “Айгүл-Тоо” ботаникалык коругуна атайын форма жана инструменттерди 2023-жылдын 23-ноябрында тапшырат.

«Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында 146000 сомго атайын формалар, инструменттер, табличкалар алынган. Аталган жабдууларды берүү кызыл китепке кирген Айгүл гүлүн коргоо жана көбөйтүү максатын көздөйт.

Буга кошумча Фонд Кара-Булак айыл өкмөтүнүн активдүү аялдары, райондук токой чарба кызматкерлери менен биргеликте Айгүл гүлүн себүү иш-чарасын уюштурат.

“АтаМЕНен” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

“АтаМЕНен” долбоорунун алкагында өткөргөн сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

 “Роза Отунбаеванын демигеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу максатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип өттү.

“Балдарга көңүл буруу, алар менен бирге убакыт өткөрүү менен алардын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошуп жатасыздар. Сынакка жөнөтүлгөн видео роликтердегидей балдар менен чогуу өткөргөн эң мыкты көз кирмемдер көп болсун”, — деди Роза Кайыкова.

Сынактын жеңүүчүсү Нурлан Тойчиев өзүнө жана кызына велосипед, Садыркул Исмаиловго стол оюну жана “3 жаштан кийин кеч” китеби, ошондой эле Канат Таалайбековго стол оюндары жана “3 жаштан кийин кеч” китеби ыйгарылып, Рахатбеков Абай үй-бүлөсү менен барууга киного сертификат алды.

Тайлаков Дастан, Нурдин уулу Санжар, Сүйүндүк уулу Данияр, Ажибаев Талгат, Ураимжанов Нурмухаммед, Жумалиев Мухамед, Нуралиев Аман, Саматов Бусурманкул “Раритет” китеп дүкөнүнө сертификаттар менен сыйланышты.

Калган бардык катышуучуларга кызыктуу видеолору үчүн Фонд тарабынан чыгарылган «3 жаштан кийин кеч» китеби ыйгарылды.

Конкурстун максаты — балдардын эрте курактан өнүгүүсүндө аталардын катышуусунун маанилүүлүгүн кеңири калкка жайылтуу. Аталар баласынын же кызынын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы тууралуу видео тартуу жана аталардын балдардын жашосундагы орду тууралуу кыска ой-толгоосу менен бөлүшүшкөн.

Конкурс “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор 2022-жылдын апрель айынан бери Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер