ИНТЕЛЛЕКТУАЛДУУ УЛУТ  —  ИНТЕЛЛЕКТУАЛДУУ МАМЛЕКЕТ

  • 10.11.2025
  • 0

 №20 көп мандаттуу шайлоо округу

   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаттыгына талапкер

    Ашымбаева Токтобүбү Абасовна №17

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДУУ УЛУТ  -  ИНТЕЛЛЕКТУАЛДУУ МАМЛЕКЕТ

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДУУ УЛУТ  -  ИНТЕЛЛЕКТУАЛДУУ МАМЛЕКЕТ

 Ааламдашуу доорунда мыйзамдар жана эрежелер эл аралык стандарттарга шайкеш болушу керек, санариптештирүү, маалыматтык коопсуздук, регионалдык интеграция жана глобалдык чакырыктарга (климат өзгөрүүсү, миграция, экономикалык интеграция) жооп берүү зарыл. Бул шартты эске алуу менен, биз мыйзам чыгаруу системасын өркүндөтүп, улуттук баалуулуктарды кийинки муундарга берүүгө шарт түзүү, өнүккөн жана эркин коомду куруу милдет.

Улуттук мыйзам чыгаруу системасын өркүндөтүү — укуктук мамлекеттин негизи. Мыйзам чыгаруу процессинде бүгүн эл аралык интеграция, санариптештирүү жана глобалдык чакырыктарга адаптация талап кылынат. Негизги чаралар укуктук мамлекеттин принциптерине негизделет:

  • Ачык-айкындуулукту күчөтүү;
  • Мыйзамдардын аткарылышынын натыйжалуулугун күчөтүү;
  • Мыйзамдарды эл аралык стандарттар менен гармонизациялоо.

Ушуга байланыштуу менин программам төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

  1. Билим берүү аркылуу укуктук мамлекетти чыңдоо
  • Билим — укуктук коомдун келечеги. Азыркы билим берүү системасы глобалдык компетенцияларды, санариптик сабаттуулукту жана эл аралык стандарттарга шайкештикти талап кылуу;
  • Билим берүү системасын өнүктүрүү менен жаштарды мыйзамды урматтоого, укуктарын жана милдеттерин билүүгө тарбиялоо;
  • Мектептерде орун жетишсиздиги жана класстардагы окуучулардын көптүгү маселесин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу;
  • Билим сапатын камсыз кылуу үчүн квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгуу.
  1. Мугалимдин социалдык-укуктук статусун көтөрүү
  • «Мугалим статусу жөнүндө» мыйзамды олуттуу өзгөртүү жана жакшыртуу;
  • ЖОЖ жана орто кесиптик окуу жайлардын мыкты бүтүрүүчүлөрүн мектептерге тартуу үчүн ченемдик-укуктук механизмдерди иштеп чыгуу;
  • Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын мыкты бүтүрүүчүлөрүн мектептерге тартуу үчүн «Айыл мугалими» жана “Жаш мугалимдин депозити” программаларын демилгелөө менен мамлекеттик гранттарды жана стимулдарды (мисалы, эмгек стажына кошумча төлөм) мыйзамдык негизде бекитүүнү сунуштоо;
  • «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими»  жогорку мамлекеттик наамды кайтарууну демилгелөө.
  1. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жогорулатуу
  • Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарды жана социалдык колдоо ченемдерин күчөтүү.
  • Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана дискриминацияны алдын алуу механизмдерин жакшыртуу, үй-бүлөлүк коопсуздук кепилдигин кеңейтүү.
  1. Экономика
  • Билим берүү багытында иш алып барган чакан жана орто бизнести мектеп, бала бакча, билим берүү борборлорун куруу үчүн мыйзам чегинде колдоолорду киргизүү.
  • Уруксат берүүчү тармактардагы коррупцияга каршы мыйзамдарды күчөтүү.

Бул чараларды мыйзам долбоорлорун түзүү, бюджетти талкуулоо, парламенттик угуу өткөрүү, эл менен бийликтин бутактарынын ортосунда көпүрө болуу жана аткаруу бийлигине көзөмөл жүргүзүү аркылуу ишке ашырышы керек. Ошондой комплекстүү мамиле гана элибиздин реалдуу жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын келечеги — биздин колубузда!

 Буйрутмачы: Асанбаев Н.Ж.  –  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Т.А.Ашымбаеванын ыйгарым укуктуу өкүлү. Ишке ашыруучу: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» Медиа Борбору мекемеси.   Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН): 00704199310081  Дареги: Тыныстанов көчөсү, 257-үй, 104-бөлмө   Тиражы: 300 нуска   Жарыяланган күн: 10.11.2025-жыл  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер  Т.А.Ашымбаева тарабынан түзүлгөн шайлоо фондунун каражаттарынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Кубатова А.Дж. тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү

Комментарийлер