Илимпоз устат Кумарбай Ишмахаметов дүйнөдөн өттү

  • 29.05.2024
  • 0

2024-жылы 25-майда Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин Табийгый-техникалык факультетинин “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты, билим берүүнүн отличниги Кумарбай Ишмахаметов 73 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Илимпоз устат Кумарбай Ишмахаметов дүйнөдөн өттүКумарбай Ишмахаметов 1951-жылы 1-январда Ош облусунун Лейлек районунун Кольцо айылында төрөлгөн. 1967-жылы Лейлек районунун Исфана айылындагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктап, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Механика-математикалык факультетинин студенти болуп, аталган окуу жайды 1973-жылы бүтүрүп, “Математик, математиканын окутуучусу” адистигине ээ болгон.

Кумарбай Ишмахаметов 1973-1975-жылдары Камчатка облусунун Петропавловск шаарында Советтик Армиянын катарында взводдун командири болуп кызмат өтөгөн. 1975-1976-жылдары Лейлек районунун “Самат” орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. 1976-1978-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Автоматика институтундагы “Техникалык кибернетиканын математикалык ыкмалары” лабораториясында инженер кызматын аткарган.

1978-1997-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин Механика-математикалык факультетинде окутуучу, аспирант, улук окутуучу, доцент, “Алгебра жана геометрия” кафедрасынын башчысы, Механика-математика факультетинин деканы болуп иштеген.

1997-2006-жылдары  Бишкек шаарындагы Менеджмент, бизнес жана туризм институтунда кафедра башчысы, профессор кызматтарында иштеген. 2006-2014-жылдары Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин “Жогорку математика” кафедрасында доцент, 2014-2022-жылдары ушул эле университеттин “Дизайн жана архитектуранын математикалык негиздери” кафедрасында доцент болуп иштеген. 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап өмүрүнүн акырына чейин аталган университеттин “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын доценти болуп иштеп келген.

Илимий-педагогикалык жаатында Кумарбай Ишмахаметов Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыккан жогорку математиканын негизги бөлүмдөрү боюнча лекцияларды жогорку деңгээлде окуган педагогдордун бири болгон. Бул багытта “Математикалык анализ”, “Математикалык статистика”, “Ыктымалдуулук теориясы жана математикалык статистика”, “Катарлар” сыяктуу окуу куралдарын жазган.

Илимий изилдөө жаатында Кумарбай Ишмахаметов “Топология жанан анын колдонулушу” илимий багыты боюнча эмгектенип, топологиялык мейкиндиктердин категориялары менен үзгүлтүксүз жана бир калыпта үзгүлтүксүз чагылдыруулар теориясынын категорияларынын ортосундагы байланыштарды изилдеген. Изилдөөнүн натыйжасында алынган илимий жыйынтыктары боюнча ал 1988-жылы 20-майда Тбилиси мамлекеттик университетинин диссертациялык кеңешинде кандидаттык диссертациясын коргогон жана математиктер менен топологдордун көптөгөн эл аралык илимий конференцияларында илимий докладдарды жасаган. Анын 53 илимий макалалары жана тезистери республикалык жана эл аралык симпозиумдар менен конференциялардын жыйнактарында жарык көргөн.

Кумарбай Ишмахаметов бир кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн камкор ата болгон.

КРСУнун, Табигый техникалык факультетинин жана  “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын эмгек жамааттары маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Илим дыйканы, мыкты педагог-устат, адамгерчилиги бийик инсан болгон кесиптешибиздин жаркын элеси эсибизде кала берет.

 

Кендирбаева Д.Ш., Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри

Комарцов Н.М., КР(с)У Табигый техникалык факультетинин деканы, доцент            

Алсеитов М.Т., КР(с)У Табигый техникалык факультетинин деканынын орун басары, доцент

Керимбеков А.К., КР(с)У “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын башчысы, профессор

Лелёвкина Л.Г., КР(с)У “Жогорку математика” кафедрасынын башчысы, доцент

Шаматов Д.А., Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору

Бөлүшүү

Комментарийлер