И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУ МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООНУН ФЛАГМАНЫ
- 29.09.2025
- 0
Мен, 1988-жылы 23-февралында айыл-чарба илимдеринин кандидаты, ага окутуучу болуп ал кезде М.В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун химия-биологиялык факультетине ага окутуучу болуп келгем. Андан бери канча жыл өттү, азыркы университетибиздин 80 жылдыгын өткөрүүнүн алдындабыз.
Бул макалада азыркы Табигый илимдер институтунун басып өткөн тарыхый жолу жөнүндө айтып берүүнү чечтим.
1952-жылы В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институту түзүлгөндөн бери, алгач табигый-илимий факультеттин курамында химия жана биология кафедрасы биринчилерден болуп уюшулган. Кафедрага 4 жылдык окуу мѳѳнѳтү менен 25 студент кабыл алынган. Ошол учурда биология кафедрасын биология илимдеринин кандидаты, доцент Г. П. Земляная, химия кафедрасын х.и.к. кандидаты, доцент З.В. Хакимов жетектеген. Алар кафедраларды уюштурууда окуу процессинде материалдык-техникалык базаны түзүүдѳ жана окуу-тарбиялык иштерди калыптандырууда окуу жайдын билим берүү процессине чоң салым кошкон. 1956-жылы 18 бүтүрүүчү «биология жана химия мугалими» адистигин алып, алгачкы бүтүрүүчүлөр болгон.
1968-1969-окуу жылында табигый-илимий факультеттин базасында биология факультети түзүлөт. Факультетти кесипкөй физиолог, биология илимдеринин кандидаты, доцент М.У. Мамбетов жетектеген.
1975-1984-жылдары факультеттин деканы Москвадагы Д.И. Менделеев атындагы химия технология институтунун бүтүрүүчүсү, химия илимдеринин кандидаты, доцент Т.Р. Рыскулов болгон.
1984-1995-жылдары химия жана биология факультетинин деканы б.и.к, доценти С.Ш. Шамбетов үзүрлүү эмгектенген. С.Ш. Шамбетов окуу процессин факультеттин профессордук-окутуучулар курамы тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык куралдар менен камсыздоодо чоң салымын кошкон. С.Ш. Шамбетов студенттер үчүн алгачкылардан болуп кыргыз тилиндеги «Ботаника», «Гистология», «Цитология» дисциплиналары боюнча окуу-методикалык куралдары жарыкка чыгарган.
1995-1998-жылдары факультетти химия илимдеринин кандидаты, доцент Ж.А. Асаналиев жетектеген. Ушул мезгилден тартып химия кошумча «экология» адистигин даярдоо башталган.
1998-жылы факультетте Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо максатында «Экобилим» уюму негизделип, аны профессор М.М. Ботбаева жетектеген. Бул экологиялык уюмундун алкагында факультеттин окутуучулар курамы жана студенттер жергиликтүү калкка экологиялык билим берүү жана тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Учурда биоартүрдүүлүк кафедрасы ысымын алып жүрөт.
1998-2004-жылдары факультеттин деканы болуп Ленинграддагы мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү, б.и.к., доцент Ч.С. Давлетова иштеген. Ал окуу процессинде окутуунун жаңы технологияларын жана инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча иштерди уюштурган жана анын жетекчилиги астында окуу процессиндеги окуу пландарын жаңылоо жана билим берүүнүн Мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча кѳптөгөн ийгиликтүү иштер аткарылган.
Факультетте көптөгөн окумуштуулар, методисттер эмгектенип, алардын билим берүү системасына кошкон салымы эбегейсиз зор.
Алардын арасында химия кафедрасынын окутуучусу Седепкан Молдогазиева 1960-1996-жылдарга чейин химия кафедрасында иштеп, химия боюнча көптөгөн эмгектерди жаратты. Химия кафедрасынын окутуучусу “Ардактуу айым” жана “Баатыр эне” Мина Мааданбекова бүгүнкү күндө №4 кесиптик лицеде тарбиячы болуп иштеп келе жатат.
2002-2003-окуу жылы экология жана жаратылышты пайдалануу институтунун курамында болгон. 2006-окуу жылынан тарта университеттин курамындагы өз алдынча факультет болуп, биология жана химия факультетин Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор катары мен Чоров Маматкан Жетимишевич 2023-жылга чейин жетектеп келдим.
Ошул учурда факультеттин профессордук-окутуучулар курамын 34 окутуучу түзөт. Алардын ичинде: 5 – илимдердин докторлору, илимдин кандидаттары – 20, сапаттык көрсөткүч жалпысынан 73,5% түзгөн. Биология жана химия факультетинде декандын орун басарлары болуп, химия илимдеринин кандидаты, доц. Качкын Шариповна Абдыкеримова жана педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлнара Сабыркуловна Усенгазиева эмгектенген.
Мен жетектеген учурда факультеттин курамынын 3 кафедра түзгөн:
химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы, х.и.д., проф. Сатывалдиев А.
Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы б.и.к, проф.м.а. Шаршеналиева Г.
Биоартүрдүүлүк кафедрасы, б.и.к., доц. Кендирбаева С.К.
Учурда институттун директору болуп 2024-жылдан тартып б.и.к., доцент Гүлназ Тажибаева Жалилова жетектеп келет. Бүгүнкү күндө институттун курамында 4 кафедра бар: Проф. М. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы, б.и.к., доц. Кендирбаева Салтанат Кеңешовна
Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы п.и.к, доц. Кырбашова Майрам Турганбековна
химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы, х.и.к., доц. Насирдинова Гульзада Калиевна
География жана экология кафедрасы, ага окут. Жумалиев Нурбек Эркинбекович.
Учурда университеттин жетекчилиги, ректор Айгүл Төлөковнанын дилгирдүү эмгеги менен институттун материалдык-техникалык базасы замандын талабына ылайык чыңдалды.
Бүгүнкү күндө институтта студенттердин санынын күндөн күнгө өсүү динамикасы көрүүгө болот, 1100гө жетти. Адистиктер:
- Табигый-илимий билим берүү багыты, профилдери: Биология, География, Химия;
- Экология
- Биология
- Химия
Институттун окутуучулар жамаатынын илимий эмгектери И.Арабаев атындагы КМУнун, ошондой эле жалпы республикалык жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын химия жана биология багыттарында окутулуп, жогорку квалификациялуу кесип ээлерин, сапаттуу билимге ээ мектеп бүтүрүүчүлөрүн даярдоодо өз салымыбызды кошуудабыз.
Маматкан Чоров,
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табиый илимдер институтунун М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, педагогика илимдеринин доктору,
Комментарийлер